Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/3
Гүлчө айылынын Алымбек датка көчөсүнүн №251 (мурдагы Ленин-199) дарегинде жайгашкан, аянты 740,0 чарчы метр болгон жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2024-жылдын 3-сентябрындагы токтомунун негизинде жана Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 2021-жылдын 19-майындагы №76 сандуу билдирүүсүндө эч кимдин атына катталбагандыгы аныкталгадыктан жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык муниципалдык менчикке кабыл алып берүү боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-отуруму, депутат У.Тажибаевдин баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5- пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Алымбек датка көчөсүнүн №251 (мурдагы Ленин-199) дарегинде жайгашкан, аянты 740,0 чарчы метр болгон жер тилкеси, муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык, мыйзам чегинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |