Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/4
Гүлчө айыл аймагындагы мааламаттык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму, аймактагы бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштүү калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-берененин 16-пунктуна, 34-беренелерине, «Жарнак» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын , курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
-Имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү жана Алай шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин жер маселелери, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |