Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/5
Будалык айылындагы Кенжебай чаты участкасына өтүүчү көпүрөнү Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 4-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Демөөрчүлөр тарабынан салынган Будалык айылындагы Кенжебай чаты участкасына өтүүчү көпүрөсүн оңдоп-түзөөтүү иштери, жылына элдик салымдын эсебинен жасалып жүргөндүктөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына алуу жагы каралсын.
2.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , жол, коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |