Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/6
Гүлчө айылынын Алымбек датка №45/2-көчөсүнүн тургуну Бакирова Алмагүлдүн 5-01-04-1002-1040 коду менен катталган турак-жай салууга арналган жер тилкесинин максаттуу багытын соода-сатык дүкөнү үчүн деп багытын өзгөртүп берүү боюнча арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму, жер маселеси, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Гүлчө айылдык кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакирова Алмагүлдүн 5-01-04-1002-1040-кодуна тиешелүү болгон турак-жайына катталган жер тилкесинин багыты соода-сатык дүкөнү үчүн деп багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап , иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документти даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |