Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/7
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы Дурсуматов Сыдык атындагы спорт–комплексти айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушу боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34- беренесинин 5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен каржыланган, 22 млн нарктагы Дурсуматов Сыдык атындагы спорт – комплексин Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жагы каралсын.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |