Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 4-отуруму
2025-жылдын 13-февралы № 4/8
«Гүлчө парк» муниципалдык ишканасы жоюлгандыгына байланыштуу, Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын 8-отуруму тарабынан кабыл алынган 2024-жылдын 22-августундагы № 8/6 токтомунун 1-2-пунктарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышnын кезектеги 4-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алымбек датка эс алуу багына жаңыдан салынган спорттук (волейбол, футбол) аянтчасынын тарифи саатына 300 (үч жүз) сом болуп бекитилсин жана айына ижара акысына бекитилип берилген 30 000 (отуз миң) сом планы алынып салынсын.
2. Спорттук (волейбол, футбол) аянтчаларды ижарага берүү жагы хронометраж жүргүзүү аркылуу, келишимдин негизинде айыл өкмөтү менен ижарага алуучу тарап ортосунда айына план бекитүү менен берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |