Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
5-отуруму
2025-жылдын 20-февралы № 5/1
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-беренесинин 2–пунктунун талаптарына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 5-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Сагынали уулу Бектурсундун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»Мыйзамынын 34-беренесинин 4- пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагына 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин жана I-топтогу мүлк салыгынын ставкасы 8,5 болуп бекитилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылы боюнча жер салыктарын эсептөө үчүн ( К-3) зоналдык коэффициенти 1,2 болуп жана Оро-Дөбө, Тамга-Терек, Кайнама, Кум-Шоро,Октябрь,Кара-Суу айылдарынын зоналдык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Сагынали уулу Бектурсунга милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана инвестициялар, ишкердик кылуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |