Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 25
2025-жылга дем берүүчү грантка А.Масалиев айыл аймагынын Өлагыш айылындагы “Балажан Өлагыш” бала бакчасыны капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбооруна өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга дем берүүчү грантка А.Масалиев айыл аймагынын Өлагыш айылындагы “Балажан Өлагыш” бала бакчасыны капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбооруна айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 2 587 476 сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |