Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
2022-жылдын 8-апрели № 8/5
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2022-жыл үчүн бекитилген бюджетинен акча каражатын башка беренеге жылдыруу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, эл жана турак-жай фондун каттоого 22154900 беренеси боюнча бөлүнгөн акча каражатынан, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн 22154900 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалымат угуп, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы кабыл алынган бюджетинин эл жана турак-жай фондун каттоого 22154900 беренеси боюнча бөлүнгөн акча каражатынан 30000 сом акча каражаты, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн 22154900 беренесине жылдырылсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |