Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылынын 20-марты №5/2
Айдаркулова Изат Абдыжапаровнага “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамын ыйгаруу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана улуттук айтыш өнөрүн кыз-келиндер арасында эл аралык деңгээлде өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Айдаркулова Изат Абдыжапаровнага Үч-Коргон айыл аймагынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамы жана төш белгиси ыйгарылсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон Айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Таштанбай уулу Манас