Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты №01-5/26
Сүлүктү шаарынын муниципалдык жана кызматтык батирлери үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 24.03.2025ж. №01-7/761 сандагы Сүлүктү шаарынын муниципалдык батирлерин эффективдуу пайдалаануу үчүн муниципалдык жана кызматтык батирлери үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү каты боюнча сунуштарды угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Турак Жай Кодексинин 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 –беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарындагы муниципалдык батирлердин жалпы аянтынын 1м2 на ( бир метр квадратына) 25сом 22 тыйын өлчөмүндө бекитилсин
2. Кызматтык батирлердин жалпы аянтынын 1м2 на ( бир метр квадратына) 26 сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага:
| Б.А.Абдуназаров |