Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-марты №41
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын
III кезектеги сессиясындагы 2025-жылдын 30-январындагы №40 кабыл алынган
токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын сунушунун негизинде, сунуштар угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясындагы 2025-жылдын 30-январындагы №40 кабыл алынган токтомуна ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак Пансионат участкасындагы ижарачылардын эмгегин эске алуу менен жаңы ала турган ижара акысын ижара жерди 2024-жылдагы келишими барларга гана түз берилсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак Пансионат участкасында жайгашкан ижарага берилип жаткан жердин колдонуу мѳѳнѳтүн эки айдан жогору пайдаланууга жана колдонгон айына жараша ижара акысы тѳлѳнсүн.
4. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу