Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 8/6
Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебине тиешелүү мурдагы эски №2 окуу корпусун жер аянты менен «Кызарт-келечеги» бала бакчасына бѳлүп берүү жѳнүндѳ
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебине 225 орундуу типтүү жаңы окуу корпус курулуп ишке берилгендигине байланыштуу, мурдагы бош турган эски №2 окуу корпусун жер аянты менен «Кызарт-келечеги» бала бакчасына бѳлүп берүү жѳнүндѳ бала бакчанын башчысынын кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебине 225 орундуу типтүү жаңы окуу корпус курулуп ишке берилгендигине байланыштуу, буга чейин А.Идинов атындагы орто мектебине тиешелүү болгон 24625,3 м2 жер аянтындагы №2 бош турган эски корпусу жана жер аянты, буга чейин бала бакча тарабынан колдонулуп келе жаткан имаратына жана жер аянтына кошулуп, “Кызарт-келечеги” бала бакчасына бѳлүнүп берилсин;
2. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Жумгал филиалынан кызматкерлерди кошуу менен мектепке жана бала бакчага жер аянттарын тиешелүүлүгүнө жараша жеринде тактап ченөө менен бөлүп берүү жана мектепке, бала бакчага бөлүнүп берилген жер аянтына, имараттарына тийиштүү юридикалык документтерди даярдоо боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |