Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-марты №42
Ак-Терек айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, кѳчѳлѳргѳ, парктарга
(сейил бак, эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын ѳзгѳртүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону кабыл алуу жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын сунушунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, кѳчѳлѳргѳ, парктарга (сейил бак, эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун, алардын аталыштарын ѳзгѳртүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобо кабыл алынсын жана 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын төрайымы А.Кендирбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ѳзүмѳ калтырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу