Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-марты №43
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин турктуу комиссияларынын 2025-жылга түзүлгѳн иш пландарын бекитүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссияларынын2025-жылга түзүлгѳн иш пландарынбекитүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга түзүлгѳн иш пландары 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссияларынын тѳрагаларына жана тѳрайымдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага С. Эркинбек уулу