Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-апрели № 9/1
Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган жүк жүктөөчү атайын техника алуу (погрузчик) боюнча сунушталган долбоордун өздүк салымы үчүн бөлүнгөн каражатты кайра беренелерге бөлүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, 2021-жылдагы кирешеден ашкан суммадан Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган жүк жүктөөчү атайын техника алуу (погрузчик) боюнча сунушталган долбоордун өздүк салымы үчүн бөлүнгөн каражатты кайра беренелерге бөлүү боюнча айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. 2021-жылдагы кирешеден ашкан суммадан Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталган жүк жүктөөчү атайын техника алуу (погрузчик) боюнча сунушталган долбоордун өздүк салымы үчүн бөлүнгөн 900,0 миӊ сом акча каражаты төмөндөгүдөй беренелерге кайра бөлүнсүн:
АУП
2215 – Ѳзгөчө кырдаалдарды алдын алуу – 25,0 мин сом;
2215 - Ар кандай долбоорлорго смета түздүрүүгө – 250,0 мин сом
2214 – транспорттук чыгымга (күйүүчү май үчүн) – 50,0 мин сом
3112 - компьютер алуу 50,0 мин сом
3112 - конференц. залга эмерек алууга – 59,3 мин сом
2215 – Ар кандай чыгымга – 50,0 миӊ сом
2222- Канц.товар алууга – 25,0 мин сом
Жалпы: 509,3 мин сом
Бала бакчаларга:
2218 – “Кызарт” бала бакчасынын тамак-ашы үчүн – 112,1 мин сом
2218 – “Кызарт -Таӊ нуру” бала бакчасынын тамак-ашы үчүн – 112,1 мин сом
2218 – “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын тамак-ашы үчүн- 41,5 мин сом
Жалпы: 265,7 мин сом
Клуб:
2221 – музей уюштурууга (ремонт үчүн) – 25,0 мин сом;
2223 - шайыр апаларга форма алууга – 25,0 мин сом
Жалпы: 50,0 мин сом
Билим берүүгө:
2222 – 3 мектепке жылуулук сиситемасынын насосун алууга – 75,0 мин сом;
Жалпы: 75,0 мин сом
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М. Акматалиева |