Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-апрели № 9/2
Жаны-Арык айыл аймагынын Курман-Ата көчөсүндөгү мурдагы суу түтүктөрүн иштетүүчү насостун жанына курулган кароолчунун үйүн (талкаланган тонолгон) жана айланасындагы 1000 кв.м жер аянтын Жаны-Арык айылынын тургуну М.Исаковдун жеке менчигине берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 16.02.2009-жылдагы Жаны-Арык айылынын тургуну Исаков Маратка берилген мурдагы суу түтүктөрүн иштетүүчү насостун жанындагы кароолчунун үйүн (талкаланган тонолгон) жеке менчигине берүү жөнүндө №17 чечимин карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын Курман-Ата көчөсүндөгү 4-03-03-1001-1276 бирдейлешкен кодунда жайгашкан, мурдагы суу түтүктөрүн иштетүүчү насостун жанына курулган кароолчунун үйүн (талкаланган тонолгон) жана айланасындагы 1000 кв.м жер аянты менен чогу айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгышталып, Жаны-Арык айылынын тургуну Исаков Мараттын жеке менчигине бөлүнүп берилсин;
2. Бул үйдүн балансалык баасы 10000 (он миӊ) сом болгондуктан, балансалык баасын төлөө жагы Исаков Маратка милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын.
Төрайым: | М. Акматалиева |