Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 7-апрелиндеги № 76
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси:
- ушул буйрук менен бекитилген Жобону милдеттүү түрдө аткарууну жана талаптарын сактоону камсыз кылсын;
- протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмесин жана өздүк бааларын маалымат такталарына жайгаштырсын.
3. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жөнөтсүн:
- расмий жарыяланган күндөн тартып - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- күчүнө кирген күндөн тартып – маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына.
4. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
5. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту министирликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине аткаруу үчүн жеткирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 178 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып, он жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары К.Б.Жанузаковага жүктөлсүн.
Министр | Р.А.Сабиров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 7-апрелиндеги № 76
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 320 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин;
(КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 320 буйругуна ылайык)