Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-марты №44
Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы бир кѳчѳсүнѳ Уулу Ата Мекендик согуштагы чалгынчы болуп кызмат ѳтѳп, баатырларча курман болгон Асылкерим Осмоновдун ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объектерге ат берүү жана атын ѳзгѳртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде жана Кызыл-Туу айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининдепутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын сунушун угуп,талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы бир кѳчѳсүнѳ Уулу Ата Мекендик согуштагы чалгынчы болуп кызмат ѳтѳп, баатырларча курман болгон Асылкерим Осмоновдун ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянынтөрайымы А.Кендирбаевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу