Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 29
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча
эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Казыбай уулу Мирландын Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалануу үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №19 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартиби 1-тиркемеге ылайык, Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (1-2-тиркемелер тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
-Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтому;
-Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №83 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
-Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №116 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
-Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №149 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги VII сессиясынын № 29 токтомуна 1-тиркеме |
Бул эсептөө тартиби, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, жер участокторунун ижара келишимдери боюнча ижара акыларын аныктайт.
Апз = Н х S х К1 х К2 –бир айлык ижара акысы;
Н- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;
Функционалдык багыттардын коэффициенти (К1):
- карьерлер: 1 чарчы метрден 10 000 чарчы метрге чейин – 1,0.
10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы метрге чейин – 0,8.
30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы метрге чейин – 0,6.
60 001 чарчы метрден жогорусу – 0,4.
- өнөр жай, тоо-кен ишканалары – 3.
- балдар ойноочу аянтчалар – 4.
- кампа, кампа ишканалары, көлөкөлөтүүчү навестер (бастырма), футбол жана муз аянтчалары – 5.
- бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен) – 6.
- меймандык (гостевой) автоунаа токтоочу жайлар аянтына жараша (таблица 1):
Таблица № 1
Ээлеген аянты | 50 чарчы метрге чейин | 51 чарчы метрден тартып, 100 чарчы метрге чейин | 101 чарчы метрден жогорусу |
Коэффициент | 10 | 8 | 6 |
- убактылуу тосмолор, убактылуу автоунаа токтоочу жайлар, кичи ишканалар – 10.
- соода навестер – 12.
- чач тарачкана, бут кийим оңдоочу түйүндөр - 14.
- кичи, чоң базарлар - 15.
- тепкич (лестница) - 20.
-Соода түйүндөр, коомдук тамак-аш, автосервис түйүндөрү, унаа оңдоочу жайлар, май куюучу жайлар (автозаправка), унаа жуучу жайлар, мейманканалар, конок үйлөрү, офистер, соода сатык комплекстери, компьютердик класстар, кайра жасалган квартиралар, сулуулук салон, бизнес борборлор, байланыш түйүндөрү, даарыканалар жана жеке кызмат көрсөтүүчү жайлар, газета сатуу түйүндөрү, киоскалар, ларектор, турмуш тиричилик жактан тейлөө, процедурный каналар, кийим тигүүчү жайлар (реставрация) - аянтына жараша (таблица № 2):
Таблица № 2
Ээлеген аянтына |
100 чарчы метрге чейин | 101 чарчы метрден 200 чарчы метрге чейин |
201 чарчы метрден жогорусу |
Коэффициент | 30 | 26 | 24 |
Эгерде 101 чарчы метрден ашкан объектилер 2 ден ашык бөлүктөргө (соода жайларына) бөлүнгөн болсо, 30 коэффициенти колдонулат.
- Ош шаарынын аймагындагы кичи жана чоң базарлардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, жайгашкан зонасына карабастан 1 зона менен эсептелсин же бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси үчүн айына 300 сомдон же кем эмес болсун;
- Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар, аттракциондор жана карусельдер бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 300 сомдон кем эмес болсун;
- Газ куюучу жайлар ар бир чарчы метрине – 500 сомдон кем эмес болсун;
- Уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 18000 сомдон кем эмес болсун;
- Терминалдар жана таза суу аппараттары жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 2500 сомдон кем эмес болсун;
- Банкоматтар жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 6000 сомдон кем эмес болсун;
- Электр унааларды заряддагыч түйүндөрү (аппарат) жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 5000 сомдон кем эмес болсун;
Ошондой эле,сезондук соода-сатыктардын төмөндөгүдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо, бирайдан алты айга чейин сезондук мөөнөттө келишим түзүлсүн. (таблица № 3):
Таблица № 3
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишиминин мөөнөтү | Ижара акысынын суммасы (сом) |
1 | Дүкөндүн алдына чыгарылган муздаткычтар | 1 ай 1 даанасы | 1000 |
1 ай 2 даанасы | 1500 | ||
1 ай 3 даанасы | 2000 | ||
1 ай 4 даанадан көп болсо даанасы | 500 | ||
2 | Велосипедтер, сокку автоматы (удар, силомер), электр самакаттар, электр мотобилдер | 1 ай | 1500 |
3 | Балдар ойноочу унаа | 1 ай 1 даанасы | 2000 |
4 | Суусундуктар (Шоро, чалап, шербет ж.б) | 1 ай | 2000 |
5 | Промостойка (сим карта сатуучу стол) | 1 ай 1 даанасы | 2500 |
6 | Дарбыз, коон, жашылча-жемиштер, гүл сатуу | 1 ай 10 чарчы метрге чейин | 3500 |
7 | Балмуздак, коктейл, газ суу аппараттары, көчмө тез татым ж.б, гриль, тандыр, шашлык бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары | 1 ай | 4000 |
8 | Паравоз (балдар ойночу) | 1 ай | 6000 |
К2 зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:
1-зона үчүн-2,8
2-зона үчүн-2,4
3-зона үчүн-2,0
4-зона үчүн-1,8
5-зона үчүн-1,4
6-зона үчүн-1,2
7-зона үчүн-0,9
Эгерде К1 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К1 коэффициентине 2коэффициентин колдонууга жол берилет. Бул учурда иштебегендиги жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын аймактык башкармалыктарынын кат түрүндөгү катынын же башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жеринде көрүп акт түрүндө түзүлөт.
Убактылуу пайдалануудагы жер тилкенин ижара акыларын эсептөөдө ижарачы менен макулдашуунун негизинде ижара акыларын көтөрүүгө, жол берилет.
Эгер муниципалдык менчик башкармалыгы менен ижара келишим түзүп келген жер тилкеге мурун Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан корутунду же жер тилкесинин планы берилген болсо, жер тилкенин багыты же аянты өзгөрбөсө ижара келишимдин мөөнөтүн узартууда башкармалык архитектуранын корутундуусу жок өз алдынча узарта алат.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица № 4):
Таблица № 4
Көрктɵндүрүү жана жашылдандыруу (S) | 50гө чейин | 51 -200 | 201 - 300 | 301- 500 | 501 -1000 | 1001 - 5000 | 5001 ден жогору |
Ижара акынын нормативдик ставкасы: чарчы метр (С) |
8 |
6,0 |
5,0 |
4 |
2,5 |
1,5 |
1,0 |
Апз = (SxC);
Апз - жер тилкеси үчүн айлык ижара акынын өлчөмү;
S - жер тилкесинин аянты;
С - ижара акынын нормативдик ставкасы (сом чарчы метр).
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Э. Абдыраимов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги VII сессиясынын № 29 токтомуна 2-тиркеме |
№1 зона
-А.Масалиев проспектиси (А.Шакиров көчөсү менен А.Масалиев проспектисинин кесилишинен тартып, Ж.Бабараимов көчөсү менен АМасалиев проспектисинин кесилишине чейинки аралыгы);
-Ленин көчөсү (С.Вахапова көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен тартып, С.Касымбеков көчөсү менен В. Ленин көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Курманжан Датка көчөсү (А.Сүйүмбаев көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б.Осмонов көчөсү менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Курманжан Датка менен Ленин көчөлөрүнүн аралыгындагы ички көчөлөр;
-А.Шакиров көчөсү (Ташкент көчөсү менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишинен тартып, Ы.Монуев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Б.Осмонов көчөсү (Курманжан Датка көчөсү менен Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишинен тартып, Көкүм-Бий көчөсү менен Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Ы.Монуев көчөсү (Ош шаарынын аймагынын башталышынан тартып, Тилеке-Баатыр көчөсү менен Ы.Монуев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Г.Айтиев көчөсү (Ленин көчөсү менен Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б.Осмонов көчөсү менен Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Р.Абдыкадыров көчөсү (А.Масалиев проспектиси менен Р.Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б.Осмонов көчөсү менен Р.Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-А.Навои көчөсү (Т.Турсунбаева көчөсү менен А.Навои көчөсүнүн кесилишинен тартып, Г.Айтиев көчөсү менен А.Навои көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Ж.Раимбеков көчөсү (А.Масалиев проспектиси менен Ж.Раимбеков көчөсүнүн кесилишинен тартып, Кара-Суу көчөсү менен Ж.Раимбеков көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Кара-Суу көчөсү (Ж.Раимбеков көчөсү менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинен тартып, Тилеке-Баатыр көчөсү менен Ы.Монуев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Тилеке-Баатыр көчөсү (Ы.Монуев көчөсү менен Тилеке-Баатыр көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б.Нурматов көчөсү менен Тилеке-Баатыр көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Б.Осмонов көчөсү (Көкүм-Бий көчөсү менен Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишинен тартып, “Олигарх” рестораны, “Нирвана” кафесине чейинки аралыгы);
-Ж.Бабараимов көчөсү (М.Артыков көчөсү менен Ж.Раимбеков көчөсүнүн кесилишинен тартып, Базар көчөсү менен Ж.Раимбеков көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Ж.Шамшиев көчөсү (Тилеке-Баатыр көчөсү менен Ж.Шамшиев көчөсүнүн кесилишинен тартып, А.Шакиров көчөсү менен Ж.Шамшиев көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-А. Мамыров көчөсү (К. Датка көчөсү менен А. Мамыров көчөсүнүн кесилишинен тартып, Б. Осмонов көчөсү менен А. Мамыров көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Амир-Темир көчөсү (А.Мамыров көчөсү менен Амир-Темир көчөсүнүн кесилишинен тартып, Г.Айтиев көчөсү менен Амир-Темир көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
-Көкүм-Бий көчөсү (Б.Осмонов көчөсү менен Көкүм-Бий көчөсүнүн кесилишинен тартып, “Жаннат” ресторан, мейманканасына чейинки аралыгы);
-Н.Исанов көчөсү (Ташкент көчөсү менен Н.Исанов көчөсүнүн кесилишинен тартып, троллейбустун акыркы аялдамасына чейинки аралыгы);
-И.Раззаков проспектиси (Ж.Бабараимов көчөсү менен И.Раззаков проспектиси кесилишинен тартып, У.Салиева көчөсү менен И.Раззаков проспектисинин кесилишине чейинки аралыгы);
-А.Навои атындагы сейил багы, Токтогул атындагы сейил багы, Ататүрк Кемаль атындагы сейил багы, “Космонавттар” сейил багы, Чынар-Терек сейил багы, “Каныкей” сейил багы, “Ак-Ниет” сейил багы, “Мээрим” сейил багы, “Жеңиш” сейил багы;
-Базар көчөсү, Шамшат көчөсү, Т.Турсунбаева көчөсү, Кулигов көчөсү (“Достук” өткөрмө пунктунун айланасы), Верхне-Увам көчөсү, Сай-Бою көчөсү, С.Вахапова көчөсү;
-Ош областтык клиникалык ооруканасынын аймагы;
-Ленин көчөсүнүн № 942 дарегиндеги Автобекеттин айланысы;
- С.Касымбеков көчөсү Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн айланасы;
- “Ош-Сити” турак жай комплексинин айланасы;
- А.Алимжанов көчөсү (“Азия” гипермаркети).
№2 зона
- У.Салиева көчөсү (И.Раззаков проспектиси менен У.Салиева көчөсүнүн кесилишинен тартып, Жийделик көчөсү менен У.Салиева көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
- Жийделик көчөсү менен У.Салиева көчөсүнүн кесилишиндеги М.Токсонбаев № 1 дарегиндеги “Самат” маркетине тиешелүү аралыгы;
- Б.Нурматов көчөсү (Ленин көчөсү менен Б.Нурматов көчөсүнүн кесилишинен тартып, А.Масалиев проспектиси менен Б.Нурматов көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
- Санк-Петербург көчөсү кичи базардын айланасы;
- Абакир уулу Төрөбек көчөсү (Н.Исанов көчөсү менен Абакир уулу Төрөбек көчөсүнүн кесилишинен тартып, № 102 маршруттук каттамдын акыркы аялдамасына чейин аралыгы;
- Анар кичи районунун ички кварталдары;
- Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын С.Айни, № 101, Имам-Ата, Целинная көчөлөрү.
№3 зона
- И.Раззаковпроспектиси (У.Салиева көчөсү менен И.Раззаков проспектиси кесилишинен KICB банкттан тартып, поезд жүрүүчү темир жолго чейинки аралыгы);
- У.Салиева көчөсү (Жийделик көчөсү менен У.Салиева көчөсүнүн кесилишинен тартып, С.Касымбеков көчөсү менен У.Салиева көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы);
- А.Осконалиев көчөсү, Ш.Руставели көчөсү, Краснофлотская көчөсү, Н.Байтемиров көчөсү, Урицкий көчөсү (Областык төрөт үйүнүн аймагы, областык СЭСтин айланасы);
- Т.Кулатов кичи районунун ички кварталдары;
- Көкүм-Бий көчөсү “Жаннат” ресторан-мейманканасынан тартып, Каримов көчөсү менен Көкүм-Бий көчөсүнүн кесилишине чейинки аралыгы;
- Ош көчөсү, Джим көчөсү;
- Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары;
- Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары;
- Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары;
- Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгы Ж.Мамытов көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен тартып, Ж.Мамытов мектебине чейинки аралыгы.
№4 зона
- Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын ички кварталдары жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын админстративдик аймактык реформанын алкагында кошулган калктуу конуштары;
- Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары;
- С.Касымбеков көчөсү (И.Раззаков проспектиси Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүнө чейинки аралыгы);
- Артыков көчөсү.
- №5 зона
- Ош шаарынын аэропортунун жанындагы учак шаарчасы (авиагородок);
- Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары;
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары;
- Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары (Сүрөттүү-Таш, Ишкаван айылы, Коммунист айылы);
- Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын калктуу конуштары.
№6 зона
- Курманжан Датка, Манас-Ата, Жибек-Жолу, Алымбек Датка, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарынын четки аты аталбаган ички көчөлөрү.
№7-зона
- Эдельвейс участогу; Ош шаарынын четки адыр-тоолу аймактары.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Э. Абдыраимов |