Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (VI1 чакырылыш)
2025-жылдын 1-апрели № 1
Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-,34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.(Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин
2025-жылдын 1-апрелиндеги
№1 токтому менен бекитилген
Раззаков шаарынын жайыт комитетинин 2024-жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу
маалыматы
Раззаков жайыт пайдалануучулар бирикмеси боюнча:
Раззаков жайыт пайдалануучулар бирикмеси учун киреше бөлүгү 2024-жыл үчүн 1 100 000 сом бекилип, иш жүзүндө 1 115 500 сомго аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29- декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын денгээлинде адмнистративдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө”
№735 Токтомуна ылайык Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан Раззаков жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берилген жайыт жер аянттарын кайрадан Раззаков шаарынын мэрисынын карамагына алуу боюнча Раззаков шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 Токтомун аткарууга алуу жөнүндөгү” №36 буйругу менен бекилген комиссия курамы түзүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 31- мартындагы “Исфана шаар башкармасына караштуу жазгы, жайкы жана кышкы жайыт жерлерин Исфана шаардык Кеңешинин жайыт комитетине өткөрүп берүү жөнүндөгү” №3 токтому күчүн жоготту деп таап кайрадан Раззаков шаарынын мэриясынын карамагына кайтарууга макулдук берүү боюнча Раззаков шаардык Кеңешинен тийиштүү чечимдер Чыгарылды.
Бүгүнкү күндө кайрадан алынган жайыт жерлерин муниципалдык эсебине өткөрүлүп 2025-жылга программасы даярдалып жатат.Комиссия курамы пайдалануудагы жайыт жерлерин контурлары боюнча тактап, ижарага берилген жана бир категориядан экинчи бир категорияга которулган жетекчиликке алып жайыт жерлердин тизмесин тактап чыккан. Раззаков шаарынын мэриясы жогорудагы чечимдерди жетекчиликке алып, Раззаков шаарынын аймагындагы жайыт жерлерди башкаруу укугун Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Раззаков элге кызмат”муниципалдык ишканасына берди.
Киреше тармагы боюнча:
Бекитилген бюджет 1 509 000 сом
Мал жайуудан тушкөн акы 1 115 500
Башка максаттарда пайдалануудан түшкөн акылар 286 600 сом
Аткарылган иш пайыз менен 95%
Баардыгы 144 2100 сом
Чыгаша тармагы боюнча:
Эмгек акы 126 225 сом
Соц фонд 21774 сом
Инфраструктурага жумшалган каражат 172 983 сом
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы З.Н.Туяков