Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (VI1 чакырылыш)
2025-жылдын 1-апрели № 2
Раззаков шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорго жана Жоболорго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорго жана Жоболорго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-,34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №4 токтому менен бекитилген “Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин” Жобосунун 2.2 пунктунун 26-бөлүгүндөгү “имараттарды,” деген сөздөн кийин “техникаларды,” деген сөздөр менен толукталсын.(Тиркеме тиркелет)
2. Исфана шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 2/5 токтому менен бекитилген “Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу обьектилердин аталыштарын берүү жана жаңыча аталыш берүү жөнүндө” Жобосунун 1-пунктунун акыркы обзацтары “Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңиргендер” жана “Мамлекеттик органдар тарабынан сунушталгандардын чыгымдары жергиликтүү бюджеттен жана жеке жарандар тарабынан сунушталгандардын чыгымдары (көчөнүн аталышынын табличкалары, үйлөрдүн даректик өзгөрүүлөрү) жеке жарандар тарабынан каржыланат” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 6 токтому менен бекитилген тиркемесиндеги 1-пунктундагы “Абдисаламов Алмазбек Азиреткулович” деген сөздүн ордуна “Жаназаков Садирбек Шамшиевич” деген сөздөр менен өзгөртүү толуктоолор киргизилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин
2025-жылдын 1-апрелиндеги
№2 токтому менен бекитилген
Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин (ММД)
ЖОБОСУ
Раззаков шаары 2025-жыл
1.Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жалпы Жобосу.
1.1 Муниципалдык менчик департаменти (мындан ары-департамент) Раззаков шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
1.2.Департамент өз иш аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин укуктук актыларын жана ЖОБОсун, Раззаков шаардык Кеңешинин жана Раззаков шаарынын мэринин токтомдорун жана буйруктарын жетекчилике алат.
1.3. Департамент юридикалык жаак болуп саналат, өздүк жеке баланска, банктык мекемелерде эсеп кассалык счётко, мамлекеттик жана официалдуу тилде өзүнүн аталышы көрсөтүлгөн гербдүү мөөргө, штампка, иш-каналык жеке бланкага жана башка тийиштүү документтерге ээ.
1.4.Мекеменин мамлекеттик тилде аталышы: “Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти”
Мекеменин мамлекеттик тилде кыскартылган аталышы: Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “ММД”
Мекеменин расмий тилде аталышы: “Департамент муниципальной собственности при мэрии города Раззаков”.
Мекеменин расмий тилде кыскартылган аталышы: “ДМС” при мэрии г.Раззаов”
1.5.Департамент жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы Баткен областы Лейлек району Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү №21
2.Департаменттин негизги функциялары жана милдеттери
2.1 Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Раззаков шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
- Департаменттин курамдык бөлүктөрүнүн уюштуручулук, укуктук, маалыматтык аналитикалык жана контролдук-башкаруу иш аракеттери менен камсыз кылуу;
- Турак жай жана жайдык эмес фонддорун, обьектилерин муниципалдык менчике баланска алуу жана кармоо;
- Раззаков шаарынын мэриясынын карап чыгуусунда Депатаменттин курамдык бөлүмдөрүн кайра уюштуруу;
- Мөөнөттүү эмгек келишиминин негизинде жумушка алуу;
- Аткарган иштин көлөмүнө жараша түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде эмгек акы төлөп берүү;
- Раззаков шаарынын мэриясынын аймагынан Муниципалдык менчик депатаментинине түшүүчү киреше булактарын табуу, жыйноо, уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- Муниципалдык менчик обьектилерин каттоого алуу, алардын колдонуусунун, сакталуусунун жана эксплуатациялануусунун үстүнөн иш жүргүзүү жана аларды максаттуу өнүктүрүү;
- Муниципалдык менчик обьектилерин негизги каражаттарынын ар бирин Реестрде каттоодон өткөрүү менен камсыз кылуу;
- Даярдоо жана шаардын мэринин чечими менен зарылчылык пайда болгондо, жер участокторун сатып алуу, сатуу, алмаштыруу жана ижарага алуу келишимдерин түзүү жана ишке ашыруу;
- 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө (кыска мөөнөткө) муниципалдык менчиктеги жерлерге ижара келишимин түзүү;
- Раззаков шаарынын мэриясынын жер саясаты, анын ичинде, шаар мэриясынын жерлерин жер акысынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин жогору натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык-укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
- Раззаков шаарынын мэриясынын жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды анын ичинде Раззаков шаарынын мэриясынын жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
2.2 Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
- Муниципалдык менчик обьектилеринин негизги каражаттарын Реестрден өткөрөт;
- Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз обьекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Раззаков шаарынын мэриясынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Раззаков шаарынын мэриясын көрсөтөт;
- Раззаков шаарынын мэриясы муниципалдык менчик чарба жүргүзүүдө, оперативдик башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;
- Муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- Раззаков шаарынын мэриясынын мүлкүн, жер участокторун кошо ижарага берүүчү катары чыгат;
- Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн обьекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- Раззаков шаарынын мэриясынын турак эмес жайлар фондунун обьекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
. Раззаков шаарынын мэриясынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
- Раззаков шаарынын мэриясынын жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт.
- Юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
- Жарнактык щиттердин, тышкы жана ички жарнактардын үчтүнөн “Жарнак жөнүндө мыйзамдын” негизинде, менчиктик формасына карабастан алардын үстүнөн көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
- Шаар мэриясынын чечими менен муниципалдык мүлктү, юридикалык жана жеке жактарга менчике, чарбачылыкка, оперативдик башкарууга, колдонууга жана ижарага берүүгө байланыштуу болгон келишимдерди даярдайт;
- Жер участкаларын ижара же менчиктик укуктарынан төлөм алуу шарты башкаларга берүүдөгү документтерди даярдоого катышат;
- Соода (ачык акциондордо, конкурстарда) жүргүзүүгө байланыштуу болгон уюштуруучулук иш-чараларда жана жер участкаларына болгон менчике ээлик жана ижарага берүү укуктарын сатууда түздөн-түз катышат;
- Жер участкаларын сатуудан түшкөн акча каражаттарын өз убагында келип түшүүсүн көзөмөлдөйт жана учётко алат. Шаардын мэринин чечими менен акча каражаттарын чогултуу иш-аракеттерин ишке ашырат;
- Өзүнүн курамдык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт жана башкарат”
- Муниципалдык менчик обьектилеринин абалдарын начарлоосуна жол берген юридикалык же жеке жактарды административдик жана башка түрдөгү жоопкерчилике тартуу санкцияларын колдонот жана зарылчылык пайда болсо келишимди бузууга чейин барып, белгиленген тартипте келтирилген жоготууну төлөтүү же кайтаруу чараларын көрөт;
- Муниципалдык менчик обьектилерди керектүү абалда кармоо, чыгарылган продукция, кызмат жана ошондой эле ижара акысын белгилөө жана анын оңдолуусу боюнча аткарылган иштер үчүн бааларды жана тарифтерди белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана аныктоо тиркемелерин киргизет;
- Турай жайдык эмес фонддорду бөлүштүрүүнү конкурсттук жана тендердик негизинде ишке ашырат, ижара келишимдерин түзөт, имараттарды ижарага алган жеке жана юридикалык жактардан ижара чогултат;
- Шаардык уюмдарга жана мекемелерге же болбосо муниципалдык ишканаларга ижарага берилген турак жайдык эмес имараттардын жана негизги каражаттардын колдонулуусун учетко алат жана көзөмөл жүргүзөт;
- Мамлекеттик өткөрүп алуу комиссиясынын мүчөсү укугунун негизинде муниципалдык менчиктик толук капиталдык ремонттон, реконструкциядан өтүп бүткөн обьектилерди өткөрүп алууда катышат;
- Раззаков шаарынын мэриясынын кароосуна пайда келтирбеген ишканаларды же иштерди кайра профилдөө жана инвестиция кылуу аркылуу алардын экономикалык абалын оңдоо же муниципалдык мүлктөрдү башка ишканаларга берүү боюнча сунуш киргизет;
- Акционердик жана башка коомчулуктар, уставдык фонддор менен биргелешип ишкана, турак-жай курууга Раззаков шаарынын мэринин макулдашуусу менен кирет же баштайт;
- Муниципалдык менчиктик мүлктөрдүн камсыздандыруусун ишке ашырат;
- Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык (комуналдык) мүлктөрду имараттарды, жер участкаларын жана авто унаа коюуучу жайларды чарбачылык жүргүзүүгө оперативтик башкаруу ижарага берүүгө, колдонууга берет жана ошондой эле муниципалдык мүлктөрдү сатууну (турак жайды эмес имараттарды, автоунааларды ) тийиштүү мыйзамдардын негизинде ишке ашырат.
3. Департаменттин укуктары
3.1 Жүктөлгөн милдеттерин жана функцияларынын аткарылуусун камсыз кылуу максатында департамент төмөнкү укуктарга ээ;
- Өзүнүн компетенциясынын чегинде буйрук катарында чыга турган департаменттин бардык курамдык бөлүктөрү жана башка жактар тарабынан сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон чечим кабыл алуу жана ошондой эле алардын аткарылуусун текшерүүгө;
- Шаар мэриясынын карап чыгуусуна Деапартементтин курамдык бөлүмдөрүн кайра уюштурууга байланыштуу болгон суроолорду киргизүүгө;
- Курамдык бөлүктөргө тапшырмаларды берүүгө, алардын аткарылуусу жөнүндө отчёт талап кылууга жана башкаруучулардын жоопкерчиликтүүлүгү боюнча чечим кабыл алууга;
- Курамдык бөлүмдөрдүн иш-аракттерин координациялоого;
-Департамент курамдык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттеринин эфективдүүлүгүн аныктоо максатында жана чечимдердин аткарылуу натыйжаларына карата комплекстүү текшерүү өткөрүүгө;
- Юридикалык жана жеке жактардан муниципалдык менчиктерди керектүү абалда кармоо боюнча түзүлгөн келишимдик жоопкерчиликтердин аткаруусун талап кылууга жана Раззаков шаарынын мэриясына талаптарга ылайык колдонуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- Мүлктөрдү колдонуучулар тарабынан же ижарачылар тарабынан имараттарды колдонуу боюнча максатында керектүү чараларды көрүүгө.
4. Департаменттин ишин уюштуруу жана башкаруу
4.1 Муниципалдык менчик департаментинин башчысы- муниципалдык кадрлар резервинде турган кадрлардын ичинен Раззаков шаарынын мэри тарабынан дайындалуучу жана жумуштук орундан бошотулуучу- башкы кызмат орду. Департаменттин муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстун натыйжасында дайындалат жана жумуштан Департаменттин башчысы тарабынан мыйзамдарга ылайык бошотулат. Раззаков шаарынын мэри тарабынан дайындалуучу муниципалдык кызмат орду.
4.2 Муниципалдык менчик департаментинин башчысы төмөнкүлөрдү аткарат:
- Департаменттин иш аракеттерин өз алдынча өзүнүн компетенциясынын чегинде чечет жана уюштурат. Ошондой эле, департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылуусу үчүн жеке жоопкерчиликти өзүнө алат.
- Келишимдерди түзүүгө, ишеним кагаздарды берүүгө, буйруктарды чыгарууга, акчалай каражаттарды жана мүлктөрдү башкарууга жана колдонууга укуктуу.
- Башка Юридикалык жана жеке жактардын алдында Департаменттин өкүлү болот.
Кадрларды таңдоодо конкурстун негизинде иш алып барат жана дайындайт.
-Департаменттин муниципалдык кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот.
- Департаменттин курамдык бөлүмдөрүнүн жана штаттык аппараттын жадыбалын жана анын курамын, кызматтык нускамаларын бекитет.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык департаменттин муниципалдык кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот жана аларды жазалайт. Жумуш күнүнүн тартибин мыйзамдарга ылайык белгилейт.
- Департаменттин кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет.
Муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлери ортосундагы жумуш келишимдери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде жөнгө салынат.
5.Каржылоо Булактары
5.1 Департтаменттин иш аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана атайын каражаттын эсебинен жургүзүлөт.Ошондой эле, мамлекеттик бюджеттен шаардык чарбачылыкка иш аракеттерди ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттар жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттар эсептелинет. Өзүнүн бюджети болуп бир жылдык түзүлгөн акча каражаты шаардык Кенеш тарабынан бекитилген сметанын негизинде аткарууга алынат. Муниципалдык менчик департаменти сметада бекитилген өз эсебиндеги акча каражаттарын бөлүштүрүүчү болуп эсептелет.
5.2.Департаменттин мүлктөрү анын курамдык бөлүмдөрүнүн балансында турган мүлктөрдөн турат.
5.3.Департамент анын балансында турган мүлктөрдү оперативдик башкаруу укугунун негизинде башкарат жана колдонот.
6. Муниципалдык менчик Департаменттин Ликвидация кылуу жана кайра уюштуруу
6.1Департаментти ликвидация кылуу жана кайра уюштуруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоболордун негизинде, керектүү тартипте ишке ашырылат. Департаментти ликвидация кылуу чечими шаар мэринин же сот тарабынан чыгарылат.
6.2.Департаментти ликвидация кылууга жана кайра уюштурууга төмөнкүлөр негиз боло алат:
-Шаар мэринин чечими;
-департаментке башкарууга берилген мүлктү туура колдонууга жатпаган же мүлккө залал келтирүү фактылары;
-департамент тарабынан башкарылган жана колдонулган турак жай-коммуналдык чарбалык обьектилеринин менчиктик формаларынын өзгөртүлүүсү.
6.3.Департаментти ликвидация кылуу жана кайра уюштуруу учурунда андан бошотулган кызматкерлердин укутары жана кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде сакталат.
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы З.Н.Туяков