Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-апрели № 76
2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор боюнча макулдашуу каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29 (3685) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 12-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |