Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты №2/1
Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдагы аткарылган иштери жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун 2024-жылдагы аткарылган иштери тууралуу отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Жалпы добуш: 18 , макул-16,калыс-2
2. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Султаналиев |