Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы № 143 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлерине эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемделбеген иш режими үчүн үстөктү эсептөөнүн жана төлөөнүн типтүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Типтүү тартип (мындан ары – Типтүү тартип) эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемделбеген иш режими үчүн үстөктү (мындан ары – үстөк) эсептөөгө жана төлөөгө карата бирдиктүү мамиле кылуу максатында, кызматтык маяналарга карата 50, 40, 25, 10 %га чейинки өлчөмдөрдө белгиленген эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Үстөк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, мекемесинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына, милдеттерине жана өзгөчөлүгүнө ылайык кызматкерлердин ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөнөт.
2-глава. Кызматкерлердин ишин баалоо критерийлери
3. Үстөк кызматкерлердин ишин баалоонун негизинде төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:
1) татаалдыгы ар бир кызматкердин ишинин өзгөчөлүгүнө жараша аныкталат:
– компетенциянын жана жоопкерчиликтин чегинде кабыл алынуучу чечимдер үчүн жоопкерчиликтин даражасы;
– адистештирилген билимди жана көндүмдөрдү колдонуу зарылдыгы;
– чектелген убакыттын жана ресурстардын шарттарында иштөө;
2) эмгектин сапаты жана натыйжалары:
– белгиленген стандарттарды жана ченемдерди сактоо;
– иштеги каталарды жана кемчиликтерди азайтуу;
– милдеттерди жогорку деңгээлде так жана өз убагында аткаруу;
– белгиленген пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткаруу же ашыра аткаруу;
– мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга салым кошуу;
– жаңы методдорду жана процесстерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышуу;
3) кесиптик демилге көрсөтүү:
– мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуучу демилгелүү иш;
– пландуу иштен сырткары мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш чөйрөсүн өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын, локалдуу актылардын, нускамалардын, методикалардын ж.б. долбоорлорун иштеп чыгуу (пландан тышкаркы иш);
– өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаруу;
4) ченемделбеген иш режими:
– белгиленген жумуш убактысынан ашык иштөө;
– өзгөчө кырдаалдардын же күтүлбөгөн жагдайлардын шарттарында оперативдүү иштөөгө даяр болуу;
– иш графигине карата мобилдүүлүк жана ийкемдүүлүк.
4. Баалоо төмөнкү жалпы принциптердин негизинде жүргүзүлөт:
1) объективдүүлүк – кызматкерге жана анын мамлекеттик органдагы, мекемедеги же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы ишине басмырлоонун ар кандай формаларын жокко чыгаруу менен калыс мамиле жасоо, атайылап терс мамиле кылбоо;
2) бир түрдүүлүк – бирдиктүү үлгү боюнча белгиленген баалоо көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин тизмеги;
3) ачык-айкындуулук – кызматкерлерди баалоонун ачык жолжобосу, анын натыйжалары кызматкерге аларды кабыл алуунун себептерин жана жүйөлөрүн түшүндүрүү менен билдирилет;
4) үзгүлтүксүздүк – мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттөрдө уюштурулуучу баалоо жол-жобосу.
3-глава. Үстөктүн өлчөмүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин ишин баалоону уюштуруу
5. Мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жана жетекчисинин орун басарларына баалоо жүргүзүлбөйт.
6. Мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилери же жетекчилеринин ишти тескеген орун басарлары тарабынан бааланат.
7. Мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери түзүмдүк бөлүмдүн түздөн-түз жетекчиси тарабынан бааланат.
8. Баалоо процесси мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен түзүлүүчү иш пландын негизинде түзүлөт (Типтүү тартиптин 1-тиркемеси).
9. Кызматкер учурдагы ай аяктаганга чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен түздөн-түз жетекчисине ар айлык иш пландын аткарылышы жөнүндө отчет берет (Типтүү тартиптин 2-тиркемеси). Ар айлык иш пландын аткарылышы жөнүндө отчетто кызматкердин планында белгиленбеген башка тапшырмаларды аткаруунун натыйжалары да камтылат.
10. Түздөн-түз жетекчи кызматкерден ар айлык иш пландын аткарылышы жөнүндө отчетту алган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде иш пландын аткарылышын текшерет жана кызматкер менен биргеликте ар бир тапшырманын көлөмүн пайыздык катышта аныктайт, анын жыйынтыгы боюнча ар айлык бааны коёт.
11. Түздөн-түз жетекчи персоналды башкаруу кызматына/персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга андан ары жөнөтүү үчүн кызматкерди кол койдуруу аркылуу баалоо менен тааныштырышы керек.
12. Баалоо төмөнкүлөрдү сактабоо фактыларынын негизинде түздөн-түз жетекчи тарабынан төмөндөтүлүшү мүмкүн:
1) аткаруучулук тартипти – 3 баллга чейин;
2) эмгек тартибин – 3 баллга чейин.
Аткаруучулук жана эмгек тартиби жөнүндө жекече маалымат персоналды башкаруу кызматы/персоналды башкаруу, документ жүгүртүү жана контролдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилет.
13. Персоналды башкаруу кызматы/персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам берилген отчетторго таянуу менен бардык критерийлер боюнча алынган баллдардын суммасынын негизинде мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечиминин долбоорун даярдайт.
14. Баалоо боюнча материалдар жана анын натыйжалары персоналды башкаруу кызматында же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамда 3 жыл аралыгында сакталат.
4-глава. Үстөктү эсептөөнүн жана өлчөмүн аныктоонун тартиби
15. Үстөктүн өлчөмү мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
16. Үстөк бекитилген жылдык эмгек акы төлөө фондунун чегинде учурдагы айдагы иштин жыйынтыгы боюнча ай сайын төлөнүп турат.
17. Мамлекеттик органдын, мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жана жетекчисинин орун басарына Кыргыз Республикасынын эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтык маянасынын 50, 40, 25, 10 %ы өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
18. Жалпы натыйжа төмөндө көрсөтүлгөн критерийлердин ар бири үчүн баллдардын суммасы катары эсептелет. Баллдардын максималдуу суммасы – 40:
1) иштин татаалдыгы 10 баллга чейин;
2) эмгектин сапаты жана натыйжалары 10 баллга чейин;
3) кесиптик демилге 10 баллга чейин;
4) ченемделбеген иш режими:
– белгиленген жумуш убактысынан тышкары айына 10 жолудан ашык иштөө – 10 балл;
– белгиленген жумуш убактысынан тышкары 10 жолудан ашык эмес иштөө – 5 балл;
– стандарттуу иш графигинин чегинде иштөө – 0 балл.
Таблица
№ | Топтолгон баллдардын саны | Эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемделбеген иш режими үчүн пайыздык үстөктүн өлчөмдөрү | |||
50 %га чейин | 40 %га чейин | 25 %га чейин | 10 %га чейин | ||
1 | 31–40 балл | 50 % | 40 % | 25 % | 10 % |
2 | 21–30 балл | 40 % | 30 % | 15 % | 8 % |
3 | 11–20 балл | 30 % | 20 % | 10 % | 6 % |
4 | 10 баллдан аз: | - | - | - | - |
Эскертүү. Эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык үстөктүн өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн таблицага ылайык эсептелет.
19. Автомобиль айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянанын 25 %ы өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
20. Түнкү убакытта иштегендиги үчүн күзөтчүгө сааттык тарифтик ставканын 50 %ы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
Мисалы:
1) аткаруучулук жана эмгек тартибин төмөндөтүүнү эске албаганда:
№ | Милдеттер чаралар/ аракеттер | Натыйжа | Иштин көлөмү (100 %) | Ишти баалоо компоненттери (40 баллга чейин) | Жыйынтыгы (4×8) | |||||
Иштин татаалдыгы (0дөн 10го чейин) | Эмгектин сапаты жана натыйжалары (0дөн 10го чейин) | Кесиптик демилге (0дөн 10го чейин) | Баллдардын саны (5+6+7) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | ||
1 | Милдет |
| 14 % | 8 | 8 | 8 | 24 | 3,4 | ||
2 | Милдет |
| 30 % | 8 | 8 | 8 | 24 | 7,2 | ||
3 | Милдет |
| 16 % | 9 | 9 | 9 | 27 | 4,3 | ||
4 | Милдет |
| 40 % | 9 | 9 | 9 | 27 | 10,8 | ||
Ченемделбеген иш режими үчүн баа (10 баллга чейин) |
| 10 | ||||||||
| Баллдардын жалпы саны: | 36 | ||||||||
№ | Баллдардын жалпы саны | Аткаруучулук тартип (0дөн 3кө чейин) | Эмгек тартиби (0дөн 3кө чейин) | Баллдардын санынын жыйынтыгы (2–3–4) | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||||
| 36 | 0 | 0 | 36 | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2) аткаруучулук жана эмгек тартибин төмөндөтүүнү эске алуу менен:
№ | Баллдардын жалпы саны | Аткаруучулук тартип (0дөн 3кө чейин) | Эмгек тартиби (0дөн 3кө чейин) | Баллдардын санынын жыйынтыгы (2–3–4) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 36 | 3 | 3 | 30 |