Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 25-марты № 33
“Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу кошумча 33га жерин Мамлекеттик токой-чарба агенттиги менен алмаштыруу жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №6-протоколунун чечиминин 6-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылындагы калктуу конуш жайгашкан 173 га Мамлекеттик токой-чарба агенттигинин балансындагы жерин айыл өкмөттүн балансына алып, анын ордуна Курук-Сай участкасындагы 140 га жерге кошумча 33 га жалпы 173 га жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | С.А.Надырова |