Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 25-марты № 28
“Кулунду айылдык кеңешинин сыйлоо барактары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосуна ылайык Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №6-протоколунун чечиминин 7-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылдык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Мыйзамдуулук, мандат, укук, жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төраганын у.м.а. | С.А.Надырова |
№34 токтомуна тиркеме
|
| БЕКИТИЛДИ Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы_______А. А. Досов “___”____________2025-ж № ______токтому |
Кулунду айылдык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кулунду айылдык кеңешинин сыйлыктары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин таануу жана дем берүү формасы болуп саналат.
2. Кулунду айылдык кеңешинин сыйлыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
-Кулунду айылдык кеңешинин Ардак грамотасы;
- Кулунду айылдык кеңешинин Ыраазычылык каты;
- Кулунду айылдык кеңешинин Алкыш барагы;
-Кулунду айыл аймагынын Ардактуу атуулу.
3. Кулунду айылдык кеңешинин сыйлыктары менен сыйланган адамдар сыйлыкты сактоону камсыз кылууга тийиш. Сыйлык жоголуп кеткен учурда сыйлангандар сыйлыкка болгон өз укуктарын сактап калат. Жоголуп кеткен сыйлыктардын дубликаты берилбейт.
7. Кулунду айылдык кеңешинин сыйлыктарынын ыраастамасы жоголуп кеткен учурда ыраастаманын дубликаты сыйланган адамдын жазуу жүзүндөгү арызына ылайык Комиссиянын чечими менен берилиши мүмкүн.
8. Кулунду айылдык кеңешинин Ардак грамотасынын жана Алкыш барагынын үлгүлөрү айылдык кеңештин төрагасынын буйругу менен бекитилет.
9. Кулунду айылдык кеңеши тарабынан Сыйлыктар боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
10. Айылдык кеңешинин сыйлыктары менен сыйлоо Комиссиянын чечиминин негизинде айылдык кеңештин буйругуна ылайык ишке ашырылат.
12. Айылдык кеңештин сыйлыктары менен мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө өз салымын кошкон мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар жана башка адамдар 5–май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата, 25-май Акыркы конгуроо,
23–июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата, 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлук күнүнө, октябрдын акыркы жекшембиси - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттары күнүнө,
1-январда - жылдын жыйынтыктары боюнча Жаңы жылга карата сыйланат, ошондой эле мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди кесиптик майрамдарында, айылдардын юбилейлик даталарын белгилөөдө сыйлоого уруксат берилет.
Сыйлоо документтерин белгиленген күнгө чейин үч жумадан кечиктирбестен айылдык кеңешке тапшыруу керек.
Өзгөчө учурларда, сыйлыктар боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан оң чечими боюнча жана кеңештин төрагасынын макулдугу менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды, ошондой эле мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө салым кошкон башка адамдарды белгиленген күндөн тышкары сыйлоого уруксат берилет.
1. Кулунду айылдык кеңештин Ардак грамотасы
18. Айылдык кеңештин Ардак грамотасы менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган, мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон адамдар сыйланат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого зор салым кошкондугу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо боюнча ишинде жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жайылткандыгы жана кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жетишкедиктерди массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдыргандыгы үчүн.
19. Комиссиянын чечиминин негизинде, стаж боюнча талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын дараметин күчөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар айыл өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
20. Ардак грамота менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн кээ бир жамааттар сыйланышы мүмкүн.
21. Бир эле мамлекеттик кызматчы же бир эле жамаат Ардак грамота менен 3 жылда бир жолудан көп сыйланышы мүмкүн эмес.
2. Кулунду айылдык кеңешинин Алкыш барагы
22. Айылдык кеңештин Алкыш барагы менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган адамдар сыйланат:
- ак ниети менен иштегендиги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошкондугу үчүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жайылткандыгы жана кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жетишкедиктерди массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдыргандыгы үчүн.
23. Комиссиянын чечиминин негизинде, стаж боюнча талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын дараметин күчөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар, айыл өкмөттүн Грамотасы менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
24. Алкыш барагы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн кээ бир жамааттар сыйланышы мүмкүн.
25. Бир эле мамлекеттик кызматчы же бир эле жамаат Алкыш барагы менен 1 жылда бир жолудан көп сыйланышы мүмкүн эмес.
3. Кулунду айылдык кеңешинин Ыраазычылык каты
Айылдык кеңешинин Ыраазычылык каты айыл аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон же айыл аймак боюнча көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыкса, жерине жеткирсе, ээлеген кызматына карабастан, ак ниети менен иштегендиги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошкондугу үчүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жайылткандыгы жана кадыр-баркын көтөргөндүгү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү жетишкедиктерди массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдыргандыгы үчүн.
Комиссиянын чечиминин негизинде, стаж боюнча талаптар коюлбастан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын дараметин күчөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген жөнөкөй адамдарга айылдык кеңештин атынан Ыраазычылык кат билдирилет.
Ыраазычылык кат менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жеткендиги үчүн кээ бир жамааттар сыйланышы мүмкүн.
4. Кулунду айыл аймагынын Ардактуу атуулу
Кулунду айыл аймагынын Ардактактуу атуулу наамы мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлебеген, мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта иштеген же иштебеген, сыйлоого көрсөтүлгөн учурда кызматта жаза салынбаган адамдар сыйланат.
Демөөрчү тарабынан Ардактуу атуул наамына Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысынын атына сунуштама кат берилет. Сунуш каттын негизинде аймак боюнча коомдук угуу өткөрүп, сунушталган инсан тууралуу бардык маалыматтарды топтоштуруп протоколдоштурат. Коомдук угуунун протоколун жана сунушталган инсандык тийешелүү документтерин тиркеп, айыл өкмөт айылдык кеңешинин сессиясына кароо үчүн кызматтык кат менен жөнөтүлөт. Сессияда каралып, депутаттардын макулдугу менен токтом чыгарып берилет.
5. Сыйлоого көрсөтүү тартиби
26. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген жана Кулунду айылдык кеңештин сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүлгөн адамдардын талапкерлиги мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жамаатынын жыйналышында сунушталат.
Айылдык кеңеш мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумун өркүндөтүүдө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды айыл өкмөттүн сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу.
27. Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунуштамалар айыл өкмөттүн башчысына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- мамлекеттик органдардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары же аппарат жетекчилери тарабынан.
Мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды сыйлоо жөнүндө сунуштамалар мамлекеттик органдын жетекчилигине жөнөтүлөт, андан кийин алар мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан айыл өкмөткө жөнөтүлөт.
28. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеген адамдардын сиңирген эмгеги даана көрсөтүлгөн жана толук негиздемени камтыган сыйлоо жөнүндө сунуштама, органдын расмий бланкына карабастан, герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүүгө тийиш.
30. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеген адамдардын сунуштамаларына төмөнкүлөрдү тиркөө керек:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- профсоюздук чогулуштун протоколу;
-резюме
-соттуулугу жок экендигин аныктаган тактама
Комиссия, зарыл болгон учурда, сунушталган талапкерлер боюнча кошумча маалыматты мамлекеттик органдардан талап кылууга укуктуу.
31. Түшкөн сыйлоо материалдары Комиссия тарабынан белгиленген тартипте каралат жана протокол менен таризделет. Комиссиянын корутундусу боюнча айыл өкмөттүн буйругу чыгарылат.
32. Комиссия сунушталган талапкерлер боюнча өз чечимин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.
33. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын толук эмес көлөмдө чогултулган жана белгиленген талаптарга туура келбеген сыйлоо материалдары Комиссия тарабынан каралбайт.
34. Адамдарды алардын юбилейлерине арнап өкмөттүн сыйлыктары менен сыйлоого тыюу салынат.
35. Сыйлоого көрсөтүлгөн учурда тартип жазалары бар кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүүгө бул жазалар белгиленген тартипте жоюлганга же алып салынганга чейин жол берилбейт.
36. Айылдык кеңештин сыйлыктарын тапшыруу айылдык кеңештин төрагасы же орун басарлары, жооптуу катчысы тарабынан салтанаттуу жагдайда берилет же болбосо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан эмгек жамааттардын жалпы жыйналыштарында адамдын өзүнө салтанаттуу жагдайда мындан ары тапшыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жөнөтүлөт.
37. Айылдык кеңештин сыйлыктары менен сыйланган адамдарды жеке эсепке алуу айылдык кеңеште жүргүзүлөт.
38. Айылдык кеңеш тарабынан берилүүчү сыйлыктардын бланктары милдеттүү отчеттуулуктун документтери менен бирге сакталат.
Кулунду айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуул сыйлыктары жөнүндө жобого тиркеме
СЫЙЛОО БАРАКЧАСЫ
| сүрөтү | |
Сыйлоого сунушталат: ___________________________________________________ | ||
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты |
| |
2. Кызмат оруну, иштеген жери, кызматы мамлекеттик тилде |
| |
2.1. Кызмат оруну, иштеген жери, кызматы расмий тилде |
| |
3. Ведомстволук сыйлык менен сыйлоо үчүн кызматчынын конкреттүү жетишкендиктери: |
| |
|
|
|
Жетекчи:
_____________________________ | ____________ | ___________________________ |
(кызмат оруну) | (колу) | (Ф.А.А.) |
Справка- объективка
(аты-жөнү)
Туулган күнү, айы, жылы
| 24.12.1973-жыл |
Фото | |
Улуту |
| ||
Туулган жери |
| ||
Билими |
| ||
Бүткөн окуу жайы, жылы |
| ||
Адистиги |
| ||
Илимий деңгээли |
| ||
Класстык чини, аскердик наамы |
| ||
Тил билүүсү |
| ||
Мамлекеттик сыйлыктары барбы? Жок | Жергиликтүү Кенештин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болгонбу?
| ||
|
|
|
|
Эмгек жолу
Жылдары | Уюм, ишкана жана мекеменин аталышы (министрлик, ведомствосу) жайгашкан жери | Ээлеген кызматы | |
Жумушка киргени
| Жумуштан чыкканы | ||
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Түзгөн М. А. Жусупова