Редакцияот 03.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ VI СЕССИЯСЫ (VII чакырылыш)

2025-жылдын 03-апрели № 1

Раззаков шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомго  өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

 Раззаков шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-,34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

                                          

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Исфана шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги №4/5 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

2.     Исфана шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 19-мартындагы №21/3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

3.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен  иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

C.А.Саматов