Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/1
“Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө”
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун 2024-жылдын 20-декабрындагы чыгыш №732 сандуу билдирүү катынын жана 2024-жылдын 25-декабрында Айыл чарбасы жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаалдар боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Р.Сидиков - айыл өкмөтүнүн жер адиси
2. А.Базиев - айыл өкмөтүнүн жер адиси
3. К.Абдимуталипов - ижара төлөмдөрү боюнча эсепчи
4. С.Боронов - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басары
5. А.Токтосунов - айыл башчы
6. Н.Тогузеков - айыл башчы
7. Г.Кадырова - аялдар кеңешинин төрайымы
8. Б.Асанов - айылдык кенештин депутаты
9. Б.Мадазимов - айылдык кеңештин депутаты
10. Ж.Байбалаева - айылдык кенештин депутаты
11. А.Полотова - айылдык кенештин депутаты
12. М.Кыдыров -айылдык кеңештин депутаты
13. М.Атаназаров - айылдык кеңештин депутаты
14. Кадастр мамлекеттик мекемесинин өкүлү
15. Айыл чарба департаментинин өкүлү
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |