Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/2
“Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө”
Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана жеке менчигине сатуу боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун 2024-жылдын 20-декабрындагы чыгыш №732 сандуу билдирүү катынын жана 2024-жылдын 25-декабрында Айыл чарбасы жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаалдар боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. С.Боронов - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басары
2. А.Шаданов - айыл өкмөтүнүн башкы адиси
3. А.Базиев - айыл өкмөтүнүн жер адиси
4. Р.Сидиков - айыл өкмөтүнүн жер адиси
5. Р.Камбаров - өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис
6. Айыл башчылар
7. Д.Жумаева - айылдык кеңештин депутаты
8. Б.Калматов - айылдык кеңештин депутаты
9. Абдибает уулу Бекмамат - айылдык кеңештин депутаты
10. А.Каримов - айылдык кеңештин депутаты
11. Авазбек уулу Болотбек- айылдык кеңештин депутаты
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |