Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/3
“Мады айыл аймагынын Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандарды сунуштоо жөнүндө”
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы №01 4/42 сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2024-жылдын 11-декабрындагы №02-2-15/1621 сандуу катын Мады айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Сидиков аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерин толдуктоо боюнча сунушталган жарандарды тааныштырып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына Абдраимова Элнура Тайировна, Азизов Акжол Тагайбекович, Мамирбаева Парида Кузибаевна, Ташиева Аширхан Курбанбековна бекитилсин.
2. Бул токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |