Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/4
“2025-жылга Мады айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү жөнүндө”
Мады айылдык кеңешинин регламентинин жана Мады айылдык кеңешинин жана ар бир туруктуу комиссиялардын отурумдарынын кабыл алынган чечимдеринин негизинде Мады айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүу максатында токтом кылат:
1. 2025-жылга Мады айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссиялардын иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш планды аткарууга алууну, анын аткарылышын камсыз кылууну айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын төрагаларына (төрайымдарына) милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |
январМады айылдык кеңешинин 2025 -жылга типтүү иш планы
№ п\п | Айылдык кеңештин сессиясында каралуучу маселенин аталышы
| Иш-чаралар жана жыйна лыштар өтчү күн | Каралуучу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБга катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелери) | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК кабыл алган чечим (тескеме, токтом); |
I квартал | |||||||
1. | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Айыл өкмөт башчынын отчету. жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү. |
Январь
| Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Айыл өкмөт башчынын отчетун угуу.
Айылдык кеңештин депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен айыл өкмөт башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу. Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү. | Айыл өкмөт башчысы жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы | Экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясы (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган комиссия сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын, бизнес коомчулугунун, Мониторинг жана Баалоо топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, Айылдык кеңештин ачык сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу. |
2. | 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу.
|
Январь | - 2025-жылга Мады айыл аймагындагы социалдык жактан жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн жана майыптуулугу бар жарандардын санын тактоо, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жакындан жардам көрсөтүү боюнча айыл өкмөттүн социалдык программасынын аткарылышы боюнча социалдык бөлүмүнүн маалыматын угуу. - Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, айылдык кеңештин депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ башчысы ж.б. | Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия өзүнүн бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө АК токтому кабыл алынат, жарыяланат, (ЧАУ кабыл алган учурда) ЧУА Реестрине кошулат. |
3. | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу.
|
Январь | Мады Тазалык муниципалдык ишканасынын тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу - Айыл өкмөт башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, ТКЧ боюнча АӨ адисинин, МИ жетекчисинин), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу. - Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. - Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. | АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, ТКЧ боюнча АӨ адиси, “Мады-Тазалык МИ жетекчиси), айыл башчы.
| Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
4. | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын,
тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) |
Январь | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу: -АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), -Мады суу байлыгы муниципалдык ишкананын жетекчиси; -калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, -Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. -айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. | АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), муниципалдык ишкананын жетекчиси | Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
5. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу.
|
Февраль | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адистин (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу.
| АӨ башчысы (башчынын орун басары) | Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаалдар боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
6. | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль | 2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда):
- Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; - 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; - Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; - жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. | Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы (же башчынын орун басары)
| Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга Айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
7 . | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу
|
Февраль
| Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча айыл өкмөт башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу. - Жергиликтүү бюджеттен салым катары айылдык кенешке сунуштоо. - 2025-жылга ички жана тышкы инвестиция тартуу боюнча айыл өкмөт адистери менен бирдикте иш план иштеп чыгуу. - Облустук, райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлордун приоритеттүүлүгүн кароо. -Коомдук уюмдар менен иш алып баруу. - Коомдук уюмдарга айыл аймакта долбоорлордун аткарылуусунда шарттарын айыл өкмөтүнүн жооптуу адистери менен биргеликте талкуулап сунуштоо. | Айыл өкмөт башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар. | Инвестициялар, ишкердик, соода ички жана тышкы экономикалык байланыштар коомдук уюмдар менен иштөө боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын (Ченемдик укуктук акт) мамлекеттик реестрине кошулат. |
8. | Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль
| Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ (Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фонду) жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен айыл аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). | АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн торгасы баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Жарандардын, бизнес коомчулугунун, Мониторинг жана Баалоо топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
9. | Муниципалдык менчикти башкаруу.
|
Февраль
| Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда): - Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; - Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; - Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; - Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; - Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б. Муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда). | АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Кадыл алынган токтомду сайтка жарыялоо аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат. |
10. | Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу. 2025-жылга вегетация мезгилине даярдык көрүү. Ирригация системаларын оңдоо, калыбына келтирүү. |
Февраль | Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын (муниципалдык ишкананын жетекчисинин) маалыматын угуу: - жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, - СПАлардын жетекчилеринин маалыматын угуу. - арык, каналдарды казуу, - жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; - көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, - жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. - Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. | АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары (МИ жетекчиси) | Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
II квартал | |||||||
11. | Коомдук тартипти сактоонун абалы.
|
Апрель | Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын), - Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүн (участкалык милициянын- макулдашуу боюнча), - аксакалдар сотунун төрагасын, - укук бузуулар боюнча ЖӨБО комиссиясынын төрагасын; - Коомдук профилактикалык борбордун төрагасы , - билим берүү мекемелеринин (мектептер, ) жетекчилерин (макулдашуу боюнча); - Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын, ААнын аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү. | АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары) ИИБ жетекчиси (участкалык милиция), тартип бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы, айыл башчы, аксакалдар сотунун төрагасы, элдик кошуундун төрагасы ж.б. | Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.
|
12. | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу.
|
Апрель | Мады айыл аймагындагы жаштарга максаттуу багыт берүүдө жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алар үчүн ар кандай спорттук иш чараларды, жолугушуу кечелерин уюштуруу, ишенбилик өткөрүү. - Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу: - АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын), - билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча); - айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын. Дени сак улуттук программасы боюнча калктын саламаттыгын чыңдоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык жумуштарды жүргүзүүдө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, ФАПтардын жетекчилердин отчетторун отурумда кароо. Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу. | АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери (макулдашуу боюнча). | Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
13. | Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу |
Май | Көрүстөндөрдүн иштешине жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүнө, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын, МИ жетекчисинин) - Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун. Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу. Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. |
АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары, МИ жетекчилери)
| Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат. |
14. | Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат |
Май | Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын Планын жана графигин карап, бекитүү. -АӨ башчысына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана Иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтчү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү. -Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуу. -Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу. | АӨ башчысы, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Ар бир депутаттык туруктуу комиссия өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу. | Шайлоочулардан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
15. | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу |
Июнь | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, зарыл болсо МИ жетекчисинин, бизнес коомчулуктун ,башка кызыкдар тараптардын), калктуу конуштун ичинде же калктуу конуштардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу. Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Зарылчылык жаралса учурда окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү. | АӨ башчысы (транспорттук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык, физикалык жактар –макулдашуу боюнча). | Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | АК токтом (тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
III квартал
| |||||||
16. | 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету |
Июль | 2025-жылдын 6 айда АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралу маалыматын угуу. АКтын жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| АӨ башчысы | Экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун (тескемесин кабыл алуу), жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
17. | Өнүгүү программаны жана пландарын (СЭӨП)
эсепке алуу менен 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угууну өткөрүү, жарандардан түшкөн сунуштарды карап чыгуу. |
Июль | Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу: - АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан), - АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан, - Башка кызыкдар адамдардан Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. -Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт. | АӨ башчысы, ФЭБ башчысы
| Экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
18. | Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу |
Июль | - Мектеп, бала бакчалардын, ооруканалардын ФАПтардын күз-кыш мезгилине даярдыктарын кароо маселелери боюнча маалымат угуу: - АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары), -тийиштүү мекемелердин жетекчилери; - АК туруктуу комиссиясынын төрагасы. - Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.
| АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), мекемелердин жетекчилери | Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу. | АК токтом (тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
19. | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын да көзөмөлдөө. |
Июль | - Даталуу күндөрдө маданий иш-чараларды өткөрүүдө улуттук каада - салттарды өркүндөтүүдө жасалып жаткан иштер боюнча айылдык маданият үйүнүн башчысынын отчетун угуу. Китьеп фондун көбөйтүү, китепканаларда окуучулардын катышуусун жогорулатуу. - Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин иши, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды (эстеликтерди) коргоо жана пайдалануу жагын дагы көзөмөлдөө боюнча маалыматты угуу: - АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын, китепканачыларын, маданий кызматкерлерин, музей кызматкерлерин), - АК туруктуу комиссиясынын төрагасын. Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу. | АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
20. | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, бош убакытты өткөрүү жана балдар менен жаштар үчүн иш-чараларды уюштуруу боюнча шарттарды түзүү коомдун маданий жана социалдык өнүгүүсү үчүн иш чараларды уюштуруу. |
Август | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын), жаштар комитетинин, төмөнкү маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуу: -элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, - Бош убакытты уюштуруу жана маданий иш-чараларды өткөрүү ар кандай жаш курактагы жана социалдык катмардагы адамдарды бириктирип, коомдук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүү. - балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, - Айыл аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; - балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү. -Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. | АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, соцадис), Маданият кызматкери социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы
| Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
| Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
IV квартал | |||||||
21 | Айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо. |
Ноябрь | АКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, АӨнүн адистерине, ААнын жашоочуларына айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. | АӨнүн башчысы (АӨнүн башчысынын орун басары), АК төрагасы (АК төрагасынын орун басарлары), туруктуу комиссиянын төрагалары. | Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Сыйлоо тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
22. | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга иш пландарын бекитишет.
|
Декабрь | 2025-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу. Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 2026-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. | АК төрагасынын орун басары, АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы | АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун (тескемесин), 2026-жылга АКтын иш Планын, 2026-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| Эскертүү! * Айылдык кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер бардык туруктуу комиссиялар тарабынан өз иш пландарында маселелердин тиешелүүлүгүнө карата белгиленүүсү керек. * Айылдык кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер толук камтылган деп эсептелбейт жана жергиликтүү кеңештерге алардын туруктуу комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана мамлекеттик органдардын, башка уюмдар менен мекемелердин ыйгарым укуктарына таандык болбогон башка маселелерди кароону чектебейт. * Aйылдык кеңештин Типтүү иш планында каралган маселелер туруктуу комиссиялар тарабынан алдын-ала каралып, алар боюнча айылдык кеңештин тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан жана айылдык кеңештин токтомунун (токтом, тескеме) долбоору даярдалгандан кийин сессиянын күн тартибине киргизилет. * Типтүү иш планда белгиленген маселелер алдын ала каралып, туруктуу комиссиянын тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан кийин ченемдик укуктук акт кабыл алынса, туруктуу комиссия каралып жаткан маселе боюнча айылдык кеңештин токтомунун долбоорун даярдайт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-23-беренелеринин талаптарына ылайык, АК токтомунун долбоорун бир айдан кем эмес мөөнөткө ЖӨБ органдарынын расмий сайтына же болбосо расмий жарыялоонун башка булактарына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга чыгарат. | ||||||
Мады айылдык кеңешинин төрагасы К.Темирбаев