Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4/4
“Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2024-жылы аткарылган иштери боюнча маалыматы жана турмуш тиричилик катуу калдыктарын ташып чыгаруу, жок кылуу боюнча тарифин кароо жана бекитүү”
Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдун маалыматын жана 2025-жылдын 27-январындагы айылдык кеңештин жалпы туруктуу комиссилардын кошмо отурумунун чечиминин, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдин 2024-жылы аткарылган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Мады-Тазалык муниципалдык ишканасынын турмуш тиричилик катуу калдыктарын ташып чыгаруу, жок кылуу боюнча тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Мазмууну | 1 айга (сом) | Каржылоочу |
1 | Жеке үйлөр | 150 | Ар бир кожолук төлөйт |
2 | Мектептер | 500 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
3 | Бала бакчалар | 500 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
4 | Азык-түлүк дүкөндөрү | 500 | Дүкөн ээси өзү |
5 | Коомдук тамактануучу жайлар | 800 | Кафе, чайкана ээлери |
6 | Навайканалар | 300 | Ээси төлөйт |
7 | Мончолор | 1000 | Ээси төлөйт |
8 | Айыл аймагындагы Ош-Бишкек, Ош-Алай жолдору | 8000 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
9 | Чачтарачканалар | 200 | Ээси төлөйт |
10 | АЗС (май куючу жайлар) | 200 | Ээси төлөйт |
11 | Дарыканалар (аптекалар) | 200 | Ээси төлөйт |
12 | Май алмаштыруучу жайлар | 600 | Ээси төлөйт |
13 | Унаа жуучу жайлар (авто мойка) | 500 | Ээси төлөйт |
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |
йылдык