Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4/5
“Социализм айылындагы ФАПка тиешелүү болгон идентификациялык номери 5-04-10-1008-1355 сандуу 0,07 га жер аянтын бала бакча салынуучу жер аянтын кеңейтүү максатында башкы планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылындагы Мамиев көчөсүнүн аймагында жайгашкан башкы план боюнча бала бакчага тиешелүү идентификациялык номери 5-04-10-1008-1357 сандуу 0,18 га жер аянтын кеңейтүү максатында ФАПка тиешелүү болгон идентификациялык номери 5-04-10-1008-1355 сандуу 0,07 га жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековдун билдирүүсүнүн жана Социализм айылынын жалпы элдердин чогулушунун протоколунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Социализм айылынын Мамиев көчөсүнүн аймагында жайгашкан ФАПка тиешелүү идентификациялык номери 5-04-10-1008-1355 сандуу 0,07 га жер аянтын бала бакчанын жер аянтына кошууга жана башкы планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |