Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4/6
“Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин 2024-жылга салык төлөмдөрү боюнча маалыматы жана айыл аймагындагы турак жай имараттарды жана жайлары үчүн 2025-2027-жылга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылга салык төлөмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-380 беренелерине өзгөртүү кирип жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аймагындагы салык мезгилинде пайдалануу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитип берүү боюнча салык адиси Г.Абдураимованын маалыматын Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн салык адиси Г.Абдураимованын 2024-жылы салык төлөмдөрүнүн жыйналышы боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарынын негизинде турак жай мүлк салыгын эсептөө жүргүзүу 25,16 сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |
й