Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4/9
«Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Мады айылдык кенеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтү «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2. «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын баштапкы уставтык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттеги 2025-жылдын башына калган бош акча каражаттарынын эсебинен 300(үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |