Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектүү отуруму

 

2024-жылдын 19-январы № 99

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 01-январь айына калган калдык жөнүндө

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 01-январь айына калган калдык жана аткарыла турган жумуштар жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIХ кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 01-январь айына калган калдык 2070,2 сом акча каражаты төмөнкү аткарыла турган жумуштарга чыгымдалсын:

- Кызыл-Колот айылындагы көпүрөнүн калган жумушуна- 355,5 сом

- Жыл жыйынтыгын чыгаруу боюнча салтанатка - 104,4 сом

- Жарыктандырууга тетиктерди алууга -83,2 сом

- Эгемжаров орто мектебинин спорт аянтчасын оңдоого – 775,2 сом

- К.Бекмурзаев жана К.Парпиев көчө кесилишине светофорго – 633,1 сом

- А.Таңгатаров орто мектебинин отказанын оңдоого - 48,5 сом

- Электро эсептегич (счетчик) - 70,3 сом

2. Атайын каражаттар эсебиндеги 257,0 сом акча каражаты төмөнкү жумуштарга чыгымдалсын:

- А.Таңгатаров атындагы мектеп гимназиясынын тамак ашына - 119,7 сом

- Балдар бакча (прочие расходы ) - 137,2 сом

3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.