Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилди) |
Идентификациялык жеке номерди
ыйгаруу жана өзгөртүү
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367, 2025-жылдын 21-июлундагы № 433, 2025-жылдын 2-сентябры № 547, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү маселелерин жөнгө салат.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн идентификациялык жеке номерлерди ыйгаруу жана/же идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү актысы менен аныкталат.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй мааниге ээ болгон төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
2) ведомстволук мекеме - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди кабыл алуу жана тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемеси;
3) аймактык бөлүмдөр - идентификациялык жеке номерди ыйгарууну жана өзгөртүүнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
4) идентификациялык жеке номер - аймактык бөлүмдөр жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылган жана жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу, күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ал адамдарда өмүр бою өзгөртүлбөстөн сакталып калган жеке номер;
5) идентификациялык жеке номерди өзгөртүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда аймактык бөлүмдөр же ведомстволук мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын идентификациялык жеке номерине киргизилүүчү оңдоолор;
6) идентификациялык жеке номерди бөгөттөө - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемесинин идентификациялык жеке номерди пайдаланууну убактылуу токтотуп туруу же туруктуу токтотуу, өткөрүп берүү, тактоо боюнча иш-аракети;
7) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриясы (бөлүмү) жана консулдук мекемеси.
3. Идентификациялык жеке номердин түзүмү ЖККААЖЖЖЖБНННК 14 орундуу номерден турат, мында:
Ж – жынысы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: 1 – аял, 2 – эркек);
ККААЖЖЖЖ - туулган датасы (күнү, айы, жылы);
Б - каттоо белгиси:
0 - социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;
1 - салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;
4 – чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;
5 - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;
ННН - катар номери;
К - эсептөөнүн атайын алгоритмин колдонуу менен түзүлгөн контролдук цифра.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Идентификациялык жеке номер аймактык бөлүмдөр жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан "Жарандык абалдын актыларын жазуу" автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) ыйгарылат:
- баланын туулгандыгын каттоодо туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунда идентификациялык жеке номерин көрсөтүү менен;
- Кыргыз Республикасынын жаранында, чет өлкөлүк жаранда, жарандыгы жок адамда идентификациялык жеке номери жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча аймактык бөлүмдөргө жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине берилген арыздын негизинде;
- туулгандыгы тууралуу актылык жазууну санариптөөдө;
- баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоого чейин баланын энесинин жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен төрөт болгон саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн же медициналык мекемеден тышкары төрөт учурунда врач же башка медициналык кызматкер, саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде.
5. Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгарууга жана өзгөртүүгө документтерди кабыл алуу бардык аймактык бөлүмдөрдө жашаган жана турган жерине карабастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде жүргүзүлөт.
"Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алган чет өлкөлүк жаранга идентификациялык жеке номер чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан "ЖААЖ" АМСте ыйгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын идентификациялык жеке номерин ыйгаруу жана/же өзгөртүү үчүн ушул Тартипте каралган документтер берилет.
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын автоматташтырылган маалыматтык системасынан зарыл маалыматтарды алуу мүмкүн болгон учурда арыз ээсинен кагаз түрүндөгү же электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү документтер талап кылынбайт.
7. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү үчүн берилген, чет тилде түзүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилге которулушу керек жана нотариустун же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугу бар башка кызмат адамынын бир тилден экинчи тилге туура которулгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек.
8. Туулгандыгы тууралуу актылык жазууну санариптөөдө идентификациялык жеке номер автоматтык түрдө ыйгарылат жана жарандын арызы талап кылынбайт.
9. Кыргыз Республикасынын жаранына, чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга идентификациялык жеке номерди ыйгарууда аймактык бөлүмдөр жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат кайрылган күнү берилет.
10. Башка жарандыгы бар же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кайрадан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жарандарына мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номер сакталып калат.
11. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын, ошондой эле жарандыгы жок адамдын өлүмүнүн фактысын каттоодо аталган адамдардын идентификациялык жеке номерине аймактык бөлүмдөр тарабынан "каза болгон" деген статус ыйгарылат.
12. Кыргыз Республикасынын каза болгон, тирүү кезинде идентификациялык жеке номери жок жаранынын үй-бүлөсүнө пенсия дайындоодо же компенсация белгилөөдө идентификациялык жеке номер социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган берген расмий суроо-талаптын негизинде аймактык бөлүмдөр тарабынан ыйгарылат, мында өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү же өлгөндүгү тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, "ЖААЖ" АМСте болбогон учурда тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябры № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Арыз ээсинин өкүлү кайрылган учурда, ал инсандыгын күбөлөндүргөн документти, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты же өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документти, ошондой эле ушул Тартипте каралган башка документтерди берет.
Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана/же өзгөртүү жөнүндө арыз "ЖААЖ" АМСте түзүлөт, арыз ээси тарабынан өз колу менен электрондук кол тамганы алуу үчүн түзүлүш аркылуу кол коюлат жана "ЖААЖ" АМСте электрондук түрдө сакталат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын жарандарына
идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тартиби
14. Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык жеке номерди ыйгаруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча электрондук арыз ("ЖААЖ" АМСте түзүлөт). 18 жашка толо элек адамга идентификациялык жеке номер ыйгарылган учурда, электрондук арызга ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүл кол коюуга тийиш;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө) же ага теңештирилген, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмө жок болсо - жарандын туулгандыгы тууралуу фактыны аныктоо жөнүндө соттун чечими;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык берилген Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу маалымкат (18 жашка толгон, жарандыгы аныкталбаган адамдар үчүн).
3-глава. Чет өлкөлүк жарандарга жана
жарандыгы жок адамдарга идентификациялык
жеке номерди ыйгаруу тартиби
15. Идентификациялык жеке номерди алуу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкүдөй документтерди берет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча электрондук арыз ("ЖААЖ" АМСте түзүлөт);
- инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ (чет өлкөлүк паспорт/жарандыгы жок адамдын күбөлүгү/кайрылмандын күбөлүгү/качкындын күбөлүгү).
16. Жарандыгы аныкталбаган 18 жашка толгон адамга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча электрондук арыз ("ЖААЖ" АМСте түзүлөт);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө) же инсандыгын күбөлөндүрүүчү ага теңештирилген документ.
Бул категориядагы адамдар үчүн идентификациялык жеке номер алардын жарандыгы жок адамдын статусун алууга өтүнүчүн кароо мезгилине берилет.
Мында, аны жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө терс корутунду чыгарылган учурда идентификациялык жеке номерге бөгөт коюлат, ал эми жарандыгы жок адамдын статусун таануу жөнүндө чечим чыгарылган учурда идентификациялык жеке номер ага туруктуу негизде бекитилип берилет.
17. Жашы жете элек чет өлкөлүк жаранга идентификациялык жеке номерди ыйгаруу үчүн төмөнкүлөр берилет:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү кол койгон электрондук арыз ("ЖААЖ" АМСте түзүлөт);
- жашы жете элек чет өлкөлүк жарандын паспорту (болсо) же ага теңештирилген башка документ;
- ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ (чет өлкөлүк паспорт/жарандыгы жок адамдын күбөлүгү/кайрылмандын күбөлүгү/качкындын күбөлүгү).
Бала Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн учурда идентификациялык жеке номер баланын туулгандыгы жөнүндө актылык жазууну санариптөө учурунда берилет.
18. "ЖААЖ" АМСте идентификациялык жеке номерди ыйгарууда чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын жеке маалыматтары (фамилиясы, аты) базага инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин (чет өлкөлүк паспорт/жарандыгы жок адамдын күбөлүгү/кайрылмандын күбөлүгү/качкындын күбөлүгү) түп нускаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык расмий же мамлекеттик тилдерде, ошондой эле латын тамгалары жана рим цифралары менен киргизилет.
4-глава. Юридикалык жактар кайрылган учурда
идентификациялык жеке номерди ыйгаруу тартиби
19. Идентификациялык жеке номер мекеменин жетекчисинин өтүнүчүнүн негизинде эркиндигинен ажыратуу жайларында, тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга, тарбиялоо интернаттарында жана билим берүү уюмдарында, дарылоо мекемелеринде жайгашкан балдарга, аскер кызматын өтөгөн жерлердеги адамдарга, ошондой эле улгайган адамдар жана майыптар үчүн үй интернаттарында жашаган адамдарга ыйгарылат. Бул үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- мекеменин жетекчисинин өтүнүчү;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюмдаштыруучу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- ишеним каттын түп нускасы;
- өкүлдүн паспорту ("Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жол берилет);
- ушул Тартиптин 14-17-пункттарында каралган тийиштүү документтер.
20. Юридикалык жактын жетекчисинин өтүнүчүнүн негизинде кызматкерлерге идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Бул үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- юридикалык жактын атынан өтүнүч;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюмдаштыруучу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ишеним каттын түп нускасы;
- өкүлдүн паспорту ("Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жол берилет);
- ушул Тартиптин 14-17-пункттарында каралган тийиштүү документтер.
21. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан учурда чет өлкөлүк жарандын паспортунун түп нускасынын ордуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулган анын көчүрмөсү берилет. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
22. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан берилген, анын жетекчисинин же уюмдаштыруучу документтерге ылайык ыйгарым укуктар берилген башка адамдын кол тамгасы жана бул уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен тастыкталат.
23. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине кайрылган учурда идентификациялык жеке номер компетенттүү органдын же мекеменин өтүнүчүнүн жана ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде ата-энесинин камкордугусуз калган же болбосо социалдык же медициналык мекемеде турган балдарга ыйгарылат.
24. Мекеменин же юридикалык жактын жетекчисинин өтүнүчүнүн негизинде идентификациялык жеке номерди ыйгаруу мекеменин же юридикалык жактын юридикалык катталган жана иш жүзүндө жайгашкан жерине карабастан каалаган аймактык бөлүмдөрдө жүзөгө ашырылат.
25. Мекеменин же юридикалык жактын жетекчиси кайрылган учурда ушул Тартиптин 19 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга үч жумуш күндүн ичинде идентификациялык жеке номер ыйгарылгандыгы жөнүндө маалымкат берилет. Маалымкаттын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Ушул Тартиптин 19 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарда идентификациялык жеке номер болгон учурда идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилбейт.
5-глава. Идентификациялык жеке номерлерди
өзгөртүү тартиби
26. Ыйгарылган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
- жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда туулган датасын өзгөртүүдө;
- эки же андан көп жаранда окшош идентификациялык жеке номерлер болгондо;
- ыйгарылган идентификациялык жеке номерде жынысы жана/же туулган датасы тууралуу маалыматтар ката көрсөтүлгөндө;
- идентификациялык жеке номер ыйгарууда кетирилген техникалык каталарда (бир жаранда бир нече идентификациялык жеке номер болгондо, жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты так эмес жазылган учурларда);
- коопсуздук чараларын көргөн орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү актысында аныкталган тартипте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында.
27. Ушул Тартиптин 26-пунктунда каралган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер болгон учурда идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөр киргизилет.
28. Идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча электрондук арыз ("ЖААЖ" АМСте түзүлөт);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же жарандын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ, "ЖААЖ" АМСте болбогон учурда ("Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жол берилет);
- зарыл болгон учурда соттун тиешелүү чечимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- зарыл болгон учурда жалпы орто билим жөнүндө аттестаттын жана/же кесиптик орто билим жөнүндө дипломдун жана/же кесиптик жогорку билим жөнүндө дипломдун жана/же эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
29. Ушул Тартиптин 26-пунктунун үчүнчү-бешинчи абзацтарында каралган учурларда, идентификациялык жеке номерди актуалдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте билдирүү жөнөтүү менен арыз ээсинин арызы жок идентификациялык жеке номерге өзгөртүү киргизүүгө укуктуу.
30. Идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ички жол-жобого ылайык жүргүзүлөт.
31. Жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда туулган датасын өзгөртүүдө жарандын идентификациялык жеке номери соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана ушул Тартиптин 28-пунктуна ылайык тиешелүү документтерди тапшыруунун негизинде өзгөртүлөт.
Документтер берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.
32. Эки же андан көп жаранда окшош идентификациялык жеке номер болсо, арыз ээсинин идентификациялык жеке номери өзгөртүлөт же арыз ээсинин туура идентификациялык жеке номери сакталып калат.
Ушундай идентификациялык жеке номери бар калган адамдарга үч жумуш күндүн ичинде идентификациялык жеке номерди тактоо жана/же өзгөртүү үчүн аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу зарылдыгы тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте билдирүү (анын ичинде электрондук түрдө) жиберилет.
Документтер берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.
33. Ыйгарылган идентификациялык жеке номерде жынысы жана/же туулган датасы жөнүндө маалыматтар ката көрсөтүлүп калса, идентификациялык жеке номерди өзгөртүү ушул Тартиптин 28-пунктуна ылайык тиешелүү документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Документтер берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.
34. Идентификациялык жеке номерди ыйгарууда техникалык каталарга жол берилсе:
- бир жаранда бир нече идентификациялык жеке номер болгон учурда жарандын бардык идентификациялык жеке номерлери бөгөттөлөт, арыз ээсинин туура идентификациялык жеке номери сакталып калат же ага жаңысы ыйгарылат. Документтер берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет;
- "ЖААЖ" АМСте жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты так болбогон учурда ушул Тартиптин 28-пунктуна ылайык тиешелүү документтердин негизинде "ЖААЖ" АМСке тийиштүү оңдоолор киргизилет. Документтер берилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.
35. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда идентификациялык жеке номери болгондо жана "ЖААЖ" АМСте ыйгарылган идентификациялык жеке номер жөнүндө маалыматтар болбогон учурда, аймактык бөлүм тарабынан ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык тиешелүү документтердин негизинде жаранга жаңы идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Документтер берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.
36. Аймактык бөлүмдөр, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери жеке маалыматтар оңдолгондон жана/же идентификациялык жеке номер актуалдаштырылгандан кийин гана жарандык абалдын актылык жазууларын каттайт.
37. "ЖААЖ" АМСте ыйгарылган жана өзгөртүлгөн идентификациялык жеке номерлер тууралуу бардык маалыматтар сакталып калышы керек.
38. Идентификациялык жеке номер өзгөртүлгөн жана жаңысы ыйгарылган учурда мурда ыйгарылган идентификациялык жеке номерди камтыган бардык документтер алмаштырылууга тийиш.
39. Арыз ээси берилген документтердин жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
40. Аймактык бөлүмдөрдүн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери арызга киргизилген маалыматтардын жана арыз ээси берген документтердин шайкештигин текшерүү, ошондой эле "ЖААЖ" АМСке киргизилген маалыматтардын аныктыгы жана актуалдуулугу жана ушул Тартипти сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.