Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХI кезексиз отуруму
2024-жылдын 11-апрели № 107
Токтогул мектептин айланасындагы теректерди кыйууга макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айылындагы Токтогул №49 орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун чогулушунун №4 протоколунун жана актысы негизинде Токтогул мектебинин айланасындагы теректердин кыйууга уруксат берүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХI кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб айылындагы Токтогул №49 орто мектебинин айланасындагы 7 (жети) түп мырза терек жана 7 (жети) түп бака теректи кыйууга тиешелүү органдын корутундусунун негизинде макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде кыйууга тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алынсын.
3. Теректерди кыйуудан түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке кириштелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Жумаев Б.Э. |