Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХI кезексиз отуруму

 

2024-жылдын 11-апрели № 109

 

Жеке жактарга берилген объектерди тактоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Куршаб айыл өкмөтү тарабынан жеке жактарга берилип кеткен объектерди тактоо жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХI кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Кыргыз Республикасы эгемендүулүк алгандан бүгүнкү күнгө чейин Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан тактап айтканда Куршаб чынар паркы, Куршаб маданият үйүнүн астындагы жер тилкеси ж.б ушул сыяктуу объектилерди Куршаб айылдык кеңеши жана Куршаб айыл өкмөтү менен биргеликте түзүлгөн комиссиянын негизинде такталып тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамдуулугун текшерүүгө өткөрүлүп берилсин.

2. Түзүлгөн комиссия тактоо иштерин 2 айлык мөөнөтө жыйынтык чыгарсын.

3. Комиссиянын корутундусунун негизинде Куршаб айыл өкмөтү 6 айлык отчёт берүүдө тактоо иштери боюнча өз отчётун берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Келдибаев Сактанга милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Жумаев Б.Э.