Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отуруму
2024-жылдын 19-апрели № 111
Таштанды таштоо үчүн жер тилкесине трансформацияга макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн административдик аймактык чек арасында жайгашкан №360 контур таза жайыт 3,8га жана №362 контур таза жайыт 1,0га жер тилкесин таштанды таштоо жай катары колдонуу максатында трансформацияга макулдук берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн административдик аймактык чек арасында жайгашкан №360 контур таза жайыт 3,8га жана №362 контур таза жайыт 1,0га жер тилкесин каттуу таштанды таштоо жай катары колдонуу максатында айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Жумаев Б.Э. |