Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
2024-жылдын 19-апрели № 113
Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл аймагынын Шагым айылындагы №341 контурунда жайгашкан эски тарпкананын (скотомогильник) түндүк-чыгыш тарабындагы 5000 чарчы метр жер тилкесине “Беккари чуңкурун” куруу максатында, аталган жер тилкесинин категориясын которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) ХХII кезексиз отурумунун күн тартибинде каралып талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл аймагынын Шагым айылындагы №341 контурунда жайгашкан эски тарпкананын (скотомогильник) түндүк-чыгыш тарабындагы 5000 чарчы метр жер тилкесине “Беккари чуңкурун” куруу максатында, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Жумаев Б.Э. |