Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясы

 

2025-жылдын  4-апрели №6-2

 

Ат-Башы айыл аймагындагы электр чордондорун (трансформаторлорун) Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

                                                                                  

               Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык менчик объектилерин башкарууну жакшыртуу жана электр камсыздоону натыйжалуу жүргзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:   

                   

1.     Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан төмөндөгү айыл өкмөтү тарабынан орнотулган электр чордондорун (трансформаторлорун) Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:

 

1)    ТП 037 “Насос” 40 кВА Ат-Башы айылында Водозабордо жайгашкан;

2)    ТП 246 “Кубан” 250 кВА “Ак-Өргөө конушунда жайгашкан;

3)    ТП 232 “Жаны конуш” 160 кВА “Улан-1” жаңы конушунда жайгашкан.

4)    ТП 266 “Улан-2” 160 кВА “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан;

5)    ТП 240 “Жолдошбек” 250 кВА “Ача-Кайынды айылында жайгашкан;

6)    ТП 207 “Тогуз-Булак” Ак-Жар айылында жайгашкан;

7)    ТП “Уй өлөт” Ак-Жар айылында жайгашкан.

 

2.     Бул мүлктөрдү өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди жана уюштуруу иштерин жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

  

Төрага

У. Мелис уулу