Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №9

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнө караштуу №10-”Кызгалдак” балдар бакчасы, №48 “Келечек” балдар бакчасы, №45 “Маржан” балдар бакчасы, №14 “Ромашка” балдар бакчасынын

балдарга берилүүчү азык-түлүк жөнүндө

 

2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4,6 пунктарына негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы №10 ”Кызгалдак” балдар бакчасы, №48 “Келечек” балдар бакчасы, №45 “Маржан” балдар бакчасы, №14 “Ромашка” балдар бакчаларынын балдардын азык-түлүгүнө ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм жөнүндөгү маселеси жана балдар бакчаларында иштеген кызматкерлердин (тарбиячылар, жардамчы тарбиячылар, ашпозчулар жана медайым) өз эсебинен ай сайын тамактануу маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4,6 пунктарына негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы №10-”Кызгалдак ” балдар бакчасы, №48 “Келечек” балдар бакчасы, №45 “Маржан” балдар бакчасы, №14 “Ромашка”балдар бакчаларынын, балдардын туура тамактануусу үчүн нормага ылайык смета түзүлүп, 2024-жылдын январь айынан баштап, сметада көрсөтүлгөн акча каражаты ата-энелер эсебинен 800 (сегиз жүз) сом төлөнүп берилсин.

2.  Сайдыкум айыл аймагындагы №48 “Келечек”, №10 “Кызгалдак”, №14 “Ромашка”, №45 “Маржан” балдар бакчаларында иштеген кызматкерлердин (тарбиячылар, жардамчы тарбиячылар, ашпозчулар жана медайым) санына жараша тамактануусу нормага ылайык смета түзүлүп, сметада көрсөтүлгөн акча каражаты кызматкерлердин эсебинен ай сайын 600 (алты жүз) сомдон төлөнүп берилсин.

3.  Жогоруда балдар бакчаларынын тамактануусуна ата-энелер жана бала бакчадагы кызматкерлердин (тарбиячылар, жардамчы тарбиячылар, ашпозчулар жана медайым) тамактануусуна топтолгон акча каражат азык-түлүк сатып алуу үчүн мамлекет сатып алуулар аркылуу жүргүзүлүп, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүп берүү жагы балдар бакчаларынын директорлоруна милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов