Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №10

 

Сайдыкум айыл аймагындагы№48 “Келечек” балдар бакчасынын директору Г.Токторбаеванын жана №9 Ж.Асанов мектебинин директору Г.Аскарованын билдирүүлөрү жөнүндө

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун Кызыл-Ай айылындагы №48 “Келечек” балдар бакчасынын директору Г.Токторбаева жана Кызыл-Ай айылындагы №9 Ж.Асанов мектебинин директору Г.Аскарованын билдирүүлөрүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтында жайгашкан №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин территориясын аныктоо жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сайдыкум айыл аймагындагы №9 Ж.Асанов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин аянтында №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемеси жайгашып калгандыгына байланыштуу, №48 “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жер аянтын аныктап берүү боюнча жеринде карап чыгып, комиссия түзүлүп, мыйзам чегинде жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов