Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №11

 

Сайдыкум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылынын Бак конушуна

ысым коюу жөнүндө

 

Сайдыкум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылынын жашоочуларынын протоколуна негиз, Жаңы-Абад айылынын Бак конушуна көп жылдар бою колхоз эсепчиси болуп эмгектенген Ырысалиев Мамыт Эркинбаевичтин ысымын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сайдыкум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылынын жашаган тургундарынын көчөгө ат коюу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.

2.     Сайдыкум айыл аймагынын Жаңы-Абад айылынын Бак конушуна көп жылдар бою колхоз эсепчиси болуп эмгектенген Ырысалиев Мамыт Эркинбаевичтин аты бекитилсин.

3.     Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларынын жазып, орнотуу Ырысалиев Мамыт Эркинбаевичтин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Атабекова жүктөлсүн.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов