Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жыл 30-январындагы №29

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер фондун

инвентаризациялоо жөнүндө

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер фондун бир жолку инвентаризациялоо максатында, Сайдыкум айыл аймагынын айыл чарба жерлерин жана чарба субъектеринин ортосундагы чек араларды тактоо максатында Сайдыкум айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-марты №114 токтому негизинде 2014-2019-жылдар аралыгында Сайдыкум айыл аймагынын жер фондуна инвентаризациялоодо чарба субъекттеринин ортосундагы чек араларды белгилөө боюнча жумуштарды так, анык аткарылбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризациялоодо ашыкча чыккан жерлердин аянттарын аныктоо жумуштарын аткаруу жагы айыл чарба багытындагы жерлерди ижарага берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

2.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризация жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.

3.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризация жүргүзүү үчүн Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы менен келишим түзү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризациялоодо ашыкча чыккан жерлердин категориясын аныктоо үчүн Кыргызмамжердолборлоо институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан тактама алынсын.

5.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба жерлерин чек араларды тактоо максатында инвентаризациялоодо ашыкча чыккан жерлердин азыркы абалын тактап, аныкталгандан кийин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчиктеги айыл чарба багытындагы жерлердин курамына киргизилгенге чейин, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше түшүрүү максатында, айыл чарба багытындагы жерлерин ушул күнгө чейин пайдаланып жүргөн жарандар менен келишим түзүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

Э.И.Досов