Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6 - отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/1
Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан Алай райондук маданият бөлүмүнө тиешелүү болгон, аянты 3016,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз 6-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5- пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан Алай райондук маданият бөлүмүнө тиешелүү болгон жер тилкесинен 4 500,000 миллион (төрт миллион беш жүз миң) сомдук, аянты 3016,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2.Тиешелүү иш-кагаздарын тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго жана мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкесине болгон укугун мамлекеттик каттоо жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суралсын.
4.Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |