Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6 - отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/2
Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүндөгү Алай райондук маданият үйүнүн имаратына чектеш жайгашкан, аянты 3016,0 чарчы метр болгон муниципалдык жер тилкесине жана Курманжан датка атындагы сейил багына тиешелүү болгон аянты 1540,0 чарчы метр жер тилкесине борборлоштурулган тейлөө комплекс имаратын куруу үчүн багытын өзгөртүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 6-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана жер кодексинин 12-беренесинин 1-5-пунктарына негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүндөгү Алай райондук маданият үйүнүн имаратына чектеш жайгашкан , аянты 3016,0 чарчы метр болгон муниципалдык жер тилкесине жана Курманжан датка атындагы сейил багына тиешелүү болгон аянты 1540,0 чарчы метр жер тилкелеринин максаттуу багыты өзгөртүлүп, борборлоштурулган тейлөө комплекс имаратын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Тиешелүү иш-кагаздарын тактап иш-алып баруу жана мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге жана жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик , кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |