Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6-отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/3
Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан маданият үйүнүн жанындагы муниципалдык жер тилкесиндеги 23 даана терек жана Курманжан датка атындагы сейил багындагы эскилиги жетип, куураган 3 даана терек катуу шамал болгондо коркунуч жаратып жаткандыктан, кыйып алып иштетүү үчүн токтом кабыл алып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын кезексиз 6-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан маданият үйүнүн жанындагы муниципалдык жер тилкесиндеги 23 даана терек жана Курманжан датка атындагы сейил багындагы эскилиги жетип, куураган 3даана терек катуу шамал болгондо коркунуч жаратып жаткандыктан, кыйып алып иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Жогорудагы теректерди кыйып алууга уруксат катын Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |